Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ ШАЙЛАНДЫ


Бишкек. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары палата төрагасынын экинчи орун басарлык кызматына депутат Кубатбек Байболовду шайлашты. Адегенде, мындай кызмат орунга палатадагы депутаттык топтор жана көз-карандысыз депутаттар тарабынан Алымбай Султанов, Жангороз Каниметов, Бакыт Иманкулов, Кубатбек Байболов, Бакыт Керимбековдун талапкердиги көрсөтүлдү. Добуш берүү жашыруун, бюллетень салуу аркылуу жүрүп, үч турга созулду. Үчүнчү турда депутат Кубатбек Байболов 33 депутаттын добушун алып, төраганын орун басары болуп шайланды. Добуш берүүгө 51 депутат катышты. Төраганын мурда шайланган орун басары Болот Худайбергенов денсоолугуна байланыштуу учурда Москвада дарыланууда.

XS
SM
MD
LG