Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:59

КЫЗЫКТУУЛАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: МАРС САЯКАТЫ. ЖЫЛ САНАК. РОЗМАРИН ЖАНА БАШКАЛАР


“Кызыктуулар жана Сонундар” берүүсүснүн кезектеги чыгарылышына назар салыңыздар. Марска учуу – кыялбы? Маймыл жылы эмнелерди тартуулайт? Балдарга чылым чекккен жакшыбы, же момпосуй жегенби?

Өткөн жумада америкалык президент Жорж Буш космосту иликтөөнүн жаңы долбоорун сунуш этти. Анда Айга, а балким Марска да астронавттарды аттандыруу мүмкүнчүлүгү каралган.
Жергиликтүү космос адистери бул планды кол чабуу менен кабыл алды. Бирок ар нерсенин өз баасы болот эмеспи. Илимий алга жылуу да көптөгөн каражатты талап кылаары белгилүү. Маселең, ушу тапта “Хаббл” космостук телескобу бюджеттик тартыштыктан улам, жок болуу коркунучу астында турат.
“Хаббл” 1990-жылы орбитага чыгарылган. Анын жардамы менен “Саманчынын жолу” деген ат менен белгилүү жылдыздар топтомунун болжолдуу жашы аныкталган. Телескоп кара тешиктер жөнүндө маалымат чогултууга мүмкүнчүлүк берип, анын көмөгү менен Ааламдын жаралышы тууралуу “Чоң жарылуу” теориясы бышыкталган.
Кошмо Штаттардын космос агенттиги НАСА “Хабблды” тейлөө боюнча миссиялар соңуна чыккандыгын өкүнүү менен жарыялады. Аны жабуу 2010-жылга болжолдонуп жатат.

22-январда кытайлыктар Ай календары боюнча Жаңы жылды тосушту. Жер планетасынын бештен бир бөлүгүн түзгөн көп сандуу калк эки жумалык майрамдык шаан-шөкөт, оюн-зоокту баштады.
Кытайдын жыл эсеби боюнча быйылкы жыл – маймыл жылы. Жергиликтүү астрологдор өтүп кеткен кой жылы маймылдыкынан канчалык айырмаланат? деген суроого карата ар кылжоромолдорун сунуш кылып жатышат.
Мисалы, өзүн метафизик деп атаган сингапурлук Жэйсон Чэнг: “Быйыл Осама Бин Ладен колго түшүрүлөт, Буш кайра президенттикке шайланат, Кытай менен Тайвань биригет” деген прогнозун айтса, гонконгдук Рэймонд Ло 2004-жыл баш ийбөө, нааразылык, ыңкылаптарга жана өкмөттүк төңкөрүштөргө мол, кыскасы, тынч болбой турганын жазат.
Кандай болсо да, маймыл өзүнүн акылдуулугу, жигердүүлүгү жана романтикалык байланыштарга жакындыгы менен белгилүү. Балким, адамдар анын дал ушул жакшы жактарын алып, өз айкөлдүгүн көрсөтүп, тынчтыкта жашоого шарт түзүшөөр.

Апта башында түштүк кореялык бир киши улуттук армиядан расмий түрдө узатылды. Мунун эмнеси кызык? дешиңер мүмкүн. Юн Йонг-ил 1953-жылкы эки Корея ортосундагы үч жылдык согуш аяктаарына бир нече күн калганда туткунга түшүп, 50 жыл бою Түндүк Кореянын абагында отуруп чыкты. Ал дипломатиялык аракеттердин натыйжасында былтыр декабрдын этегинде бошотулду.
Катардагы аскерден сержант наамына көтөрүлгөн Юнду армиядан узатуу каадасына анын кошуунунан 12 ардагер катышты. Сержант Юн түстүү телевизор жана кол саат менен сыйланды.
Дивизия командачысы: ”50 жылдан кийин Түндүк Кореянын түрмөсүнөн аман-эсен чыгуу – чыныгы аскердин рухунун өрнөгү” - деди.

Симоне – тогуз жашар бала. Жаш курагына карабай, ал жылына бир жолу тамеки тартат. Италиянын Капена шаарында – бул эзелки салт. Ыйык Антонио күнүндө калаанын тургундары борбордук аянтта от жагып, кары жашына карабай, чылым чегишет. Тамекиге каршы өнөктүк Римдин түндүгүндөгү байыркы Капенаны кыйгап өткөндөй.
Ыйык Антонио майрамы Италиянын башка жерлеринде да белгиленет, бирок жалгыз гана Капенада чылым чегүү салты бар. Айта кетчү бир нерсе – капеналыктардын ата-бабалары розмаринди чегишчү, ал эми алардын урпактары розмаринге караганда тамекини артык көрүшөт.
Эң кызыктуусу ата-энелер өздөрү балдарынын чылым чегүүсүнө каршы эмес. Жылына бир жолу чексе эч нерсе болбойт дешет Капенанын улуу муунунун өкүлдөрү.
Эң кычыктуу жагдайга шаардын мэри Риккардо Бенини кабылган. Анткени ал - кесиби боюнча дарыгер. “Менимче – бул жакшы көрүнүш эмес. Мен доктур катары да, тамеки тартпаган киши да катары айтып жатам” – дейт Бенини.
Быйыл биринчи ирет калаанын борбордук аянтына Ыйык Антонио күнүндө балдарга тамекинин ордуна момпосуй берүү чакырыктары илинген.

XS
SM
MD
LG