Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Тайланд бийликтери “тооктун сасыктумоосуна” каршы чараларды көрүп жатат


Тайланд бийликтери 400 аскер кызматкерин жана абактагы 100 адамды тоок эти өндүрүлүүчү Суфан-Бури шаарына “тооктун сасыктумоосуна” каршы чараларды көрүү үчүн жөнөтүштү.
Жылына экспорттон жарым миллиард долларга чейин киреше берген бул аймактагы тоок чарбаларындагы бардык жөжөлөр жок кылынат.
“Тооктун сасыктумоосу” Вьетнамда, Жапонияда, Түштүк Кореяда, Камбожада жана Тайванда да кеңири жайылды. “Тооктун сасыктумоосунан” Тайландда эки, ал эми Вьетнамда үч адам өлдү.

XS
SM
MD
LG