Ток этер жерин айтканда, СССР жазуучулар курамын таркатуучу курултай өтпөй калган. Ал уюм коом өзгөргөнгө байланыштуу өзүнөн өзү жок болот деп айтышкан. Ошол себептүү СССР жазуучулар курамынын мүлкү ага акыркы жолу кожоюн болгон катчынын менчигине айланып кеткен. Совет бийлиги кыйрап атканда Маскөөгө келип калып, жазуучулар биримдигинин башкы кеңсесинде өтүп аткан секретариатка катышып, тирешип аткан тараптарды арачалап эки тарапка тең жаккан Тимур Пулатовго (1939-ж. туулган) бийлик оңой өтүп кеткен. Азыр Сергей Михалков (1913-ж. туулган) жетектеген биримдик ошондо эл аралык укуктагы - мурдагы эле советтик мүнөздөгү - чукулку чет өлкөлөр жазуучулар биримдиктеринин башын кошкон уюм болуп түзүлгөн. Андай уюм келечексиз болоорун көргөн кыйла адистер кызматынан өздөрү кетишкен.
Он жылча соттошуп жүрүп, акыры калемгерлер Т.Пулатовду кызматтан кетиришти. Бирок ал түзгөн уюм ээлеген мүлктөр алиге дейре талашууну жаратууда. Айырмасы гана - Пулатовдун ордун эми Михалков ээлейт. Сергей Михалков Советтер Союзунун гимнин жазган. Аны расмий Кремль кийин саал оңдотуп туруп Орусиянын гимни кылып кабыл алдырткан. Ошондон улам акынды президент В.Путин колдоого алып келет.
Эми ал уюм ээлик кылган мүлктүн бири - Маскөөнүн мыкты жеринен орун алган Поварской көчөсүндөгү 52-номурлуу үйгө келели. Ал ортосунда кең короосу бар өзүнчө чарба.Төрүндө заңкайган эки кабат үйү бар. Оң жак-сол жак тарабы бир кабат үйлөр менен чубай-убай каптап келип, ортодо чоюн дарбаза менен бүтөт.
Азыркы тушта ал үйлөрдүн кыйласы ижарага берилген. Аны бердирткен - “Жазуучу биримдиктеринин эл аралык уюму”. Бүгүнкү күндө Михалков жетектеген ошол биримдик демократиялык түзүлүштөгү эки жазуучулар биримдиги менен Дружба народов журналынын редакциясын орток кеңседен сүрүп чыгарган жана калган көк дүкөн, ашкана, туристтик фирма сыяктуу башка ижарачыларга тийишкен эмес.
Ишемби күнү короого чогулган маскөөлүк жазуучулар митинг өткөрүштү. Ал жерде сүйлөгөн “Орусиялык жазуучулар биримдигинин” биринчи катчысы Светлана Василенко мындай кадамдын артында саясий куугунтук аракети бар деп айтты.
- Президентти тандоо алдында жүзөгө ашырылып жаткан бул акция саясий мааниге ээ. Болбосо алар “Орусиялык жазуучулар биримдиги”, “Маскөөлүк жазуучулар биримдиги” жана ошондой эле “Дружба народов” журналы демократиялык көз караштагы уюм экенин жакшы билишет эмеспи.
ПЕН-клубдун орусиялык борборун жетекчилеринин бири Александр Ткаченко жазуучулардын укугуна мындайча токтолду:
- Бул көзкөрүнөө жасалып аткан өзүм билемдик. Өзүнө өзү ээмин дегендик. Мына бул жерге чогулгандар бүтүндөй мурдагы СССР жазуучулар биримдигинин мүчөлөрүбүз. Ушу убакка дейре анын мүчөлөрүбүз. Эмне дегенде, бизди таркатуучу курултай өтпөй калган. Ошондуктан, чын-чынына келгенде, бул мүлктө баарыбыздын акыбыз бар. Алдагы имарат ар кимибизге таандык.
Маскөө өкүмөтү жазуучулар арасындагы кармашка нааразы экенин расмий түрдө билдирди. Тышта калган уюмдар эми соттон адилеттик издешмек болуп атышат.
Короосунда митинг өтүп атса, Михалков башкарган биримдиктен эч ким сыртка чыкпай койду. Пикир угалы деген журналисттерге да эшигин ачкан жок.
Кеңсеси сыртта калган берки эки биримдикке мүчө болгон жазуучулар негизинен оңчул күчтөрдүн - Гайдар, Чубайс, Немцов, Явлинский жана Хакамада сыяктуу коомдук ишмерлердин саясатын жактап келатышкандар эле.