Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

ПРАГАДА “ФЕБИО ФЕСТ” КИНОФЕСТИВАЛЫ КАЙРАДАН КААЛГАСЫН АЧТЫ


Январдын 22синде Прагада айтылуу “Фебио фест” кинофестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. Он биринчи жолу өткөрүлүп жаткан бул маданий иш-чарага дүйнөнүн чар тарабында жайгашкан өлкөлөрдүн кинотасмалары тартылган. Орусия менен Казакстандын кино өнөрчүлөрүнүн эмгектери да фестивалда жандуу талкуу жаратууда.

“Фебио фест” кинофестивалынын быйылкы, он биринчи жолку шеринеси 68 өлкөнүн 700дөн ашуун тасмасын иликтөөгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Прагада 31-январга чейин жана бир катар чех жана словак шаарларынын кинотеатрларында февралдын ортосуна чейин көрсөтүлчү бул тасмалар эмитеден эле жандуу талкуу жаратууда.

Быйылкы фестивалга Кыргызстандан эч тасма катышкан жок. Бирок казакстандык кино өнөрүнүн айрым өрнөктөрү бар. Алардын бири – “Киллер” – “Жалданма киши өлтүргүч” деген тасма. Режиссер Дарежан Өмүрбаевдин 1998-жылы тартылган бул тасмасы эч кимди кайдыгер калтырбайт. Анда пост-советтик доордогу “жаңы казактар”, турмуш запкысын тартып, туура жолду эмес, туңгуюкту тандап мерт болгон жаш жигиттин тагдыры сыпатталат.

Кесиптешибиз, “Эркин Европа-Азаттык” үналгысынын Казак кызматынын жетекчиси Мерхат Шарипжан бул тасма тууралуу мындай дейт:

- Ошол кыйынчылыктардын баарын биз да баштан өткөргөнбүз, ошондуктан бул тасма бизге да абдан кызыктуу болду. Анда адам баласынын маңызына жалпылама-статистикалык мамиле жасалбастан, турмушта чындап орун алган окуя так өзүндөй сүрөттөлгөндөй тартылган экен. Жаш жигит коомдо өтө оор кырдаалга дуушар болгонун, коомдогу адамдар бири-бирине дос эмес, карышкыр сыяктуу караганына байланыштуу, жаш адамдар кандай кадамдарга даяр экенин сыпаттаган. Тасма өтө маңыздуу тартылган.

Фестивалга конок катары чакырылган орус режиссеру, мурдагы депутат Станислав Говорухин менен чакан маек курдук. Ал ушул тапта орусиялык кино өнөрү менен кыргыз кино өнөрүнүн кызматташтыгы дээрлик жокко эсе экенин өкүнүч менен билдирди:

- Кыргыз киноматографы менен байланышыбыз дээрлик жокко чыкты. Айтмакчы, Маскөөдө “Киноборбор” аттуу бир гана уюм калды. Ал кыргыз киночулары менен карым-катнаш түзүп чектелбестен, айрым киночу ардагерлерге алигиче пенсия да төлөп жатат.

Ал эми “Фебио фестке” дебюттук чыгарма катары чакырылган эмгектердин бири – орусиялык режиссер Григорий Никулиндин “Маанайың пас чакта таттуу токоч бышырба” деп аталган фильми болду. 2002-жылы чыккан бул тасманын маанисин чечмелеп, режиссер азыркы көптөгөн орусиялык тасмалардын өзгөчөлүгүн мындайча сынга алат:

- Орус кино өнөрү, менимче, ушул тапта тышкы нук менен алектенип калууда. Муну окуялардын, эреже катары, кылмыштуу окуялардын чагылдырылышы десек болот. Мындай окуя каармандын мүнөзүн жана инсандык айырмачылыгын аныктайт. Бирок инсандын өзүн, анын ички дүйнөсүндө эмнелер болуп жаткандыгын чагылдырууга эч ким көңүл бөлгөн жок.

Режиссер Григорий Никулиндин пикиринде, инсандын таза дилин сыпаттабастан, сырткаркы көрүнүштөрдү сүрөттөөгө азгырылуу азыркы жаш кино күйөрмандардын табитине да залал келтирүүдө.

Анын “Маанайың пас чакта таттуу токоч бышырба” аттуу тасмасындагы баш каармандардын бири – адистиги боюнча таттуу токоч бышыргыч адам - өз өнөрүн кандайча элестетээрин угуп, жылмайбай койо албайсыз. Бул каарман айткандай, камырды да, ага кошулчу ар кыл заттарды да “жоошутуп, үйрөтүп, анча-мынча алдап, ары-бери калчап, эркелетип”, анан гана каалаган мүдөөңө жетүүң керек.

“Чыныгы кондитер – бул тим эле көз боочу жана сыйкырчы” деп айткан бул карапайым киши тасмадагы Регина Морская деген наам менен атыккан петербургдук акын айымга адамгерчиликтин, жашоого умтулуунун, башкаларды да, өзүн да кадырлоонун, кайрымдуулуктун унутулгус сабагын берет.

Албетте, фестивалда эски классикалык филмдер да арбын көрсөтүлүүдө. Алардын арасында – азыркы чех жаштары эч кабарсыз болгон мурдагы советтик тасмалар бар. Алардын көбү - экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы адам тагдырын сүрөттөгөн фильмдер. “Фебио фесттин” уюштуруучуларынын бири Мира Хавиарова фестивалда көрсөтүлүп жаткан айрым эски советтик тасмаларды санап берди:

- Бул согуш тууралуу тасмалар - биздин жаш чагыбызда эң мыкты көркөм чыгармалар болуп саналган “Солдат тууралуу баллада”, “Адамдын тагдыры”, “Белорус бекети”, “Боштондукка чыгаруу”, “Турналардын учушу”, “Кел жана көр” аттуу филмдер”.

Хавиарованын айтымында, быйыл да “Фебио фест” (Febio Fest) фестивалы кинотеатрларга күтүлгөндөн да арбын келген чех жаштары классикалык кино мурасынан жана азыркы чет өлкөлүк кино өнөрүнөн кабардар болууга өзгөчө дилгир экенин тастыктады.
XS
SM
MD
LG