"Күлүк күнүндө, тулпар тушунда" дегендей өткөн кылымдын 70-80-жылдарындагы элдин нукура ырларын аткаруу жагынан өзү теңдүү шайырларды алдына салдырбаган тубаса ырчы-жана аткаруучу Жолдош Көкүмов эле. Ал ырчылыктын наарын Токтогулдун Саргата айылынан татат. Ал талантын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуган кезинде ого бетер тереңдеткен. Аталган окуу жайын бүтөрү менен Оштогу Ниязаалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайына педагог болуп орношкон. "Дарак бир жерден көгөрөт" дегендей Жолдош алгачкы босогосун аттаган жамаатта 30 жылдан ашык иштейт. Ондогон таланттуу улан-кыздардын ыр дүйнөсүнөн көзүн ачат.
Көкүмов педагогдук кесип менен ырчылыкты айкалыштыра республикалык, бүткүл союздук жана эларалык сынактарга, фестивалдарга, симпозиумдарга такай катышат. Элинин намысын колунан чыгарбаганга аракеттенет. Жолдош кыргыздын элдик ырларын эң мыкты чеберчилик менен аткаргандыгы үчүн 1972-73-жылдарда Москвада, 1976-жылы Польшада, 1987-88-жылдарда Ташкенде, Уфада өткөн бүткүл союздук ырчы-аткаруучулардын, дүйнө элдеринин, эларалык фольклор музыкасынын, Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын фольклор музыкасынын фестивалдарында лауреат болот.
Жолдоштун-аткаруучулук тубаса чеберчилиги, үнүнүн диапазонунун кенендиги, тунуктугу Атайдын, Мусанын, өзгөчө Бектемир Эгинчиевдин аткарууга оор болгон созулмалуу ырларында бажырая ачылган. Көкүмовдун аткаруучу-ырчылык устаттыгы, добушунун мукамдуулугу жөнөкөй эле угуучуларды тамшантпастан, СССРдин эл артисттери Лемешевди, Козловскийди да суктанткан.