Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

ФЕЛИКС КУЛОВДУН СОТ ИШИ БОЮНЧА КООМДУК УГУУ ӨТТҮ


28-январда Бишкекте «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун соттолушуна арналган коомдук угуу болду. Анын катышуучулары Кыргызстандын бийлиги Конституцияга каршы аракеттерге барып жатат деген бүтүмгө келишип, Феликс Куловду бошотуу боюнча эларалык коомчулук менен уюмдарга кайрылуу жана Куловду тезинен бошотуп, актоого кыргыз бийлигин үндөө зарыл деген резолюция кабыл алышты.

Коомдук угууга депутаттар, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана коомчулуктун 400гө жакын өкүлү катышты. Алгач сөз алып, айыптоолор тууралуу кеңири маалымат берген адвокат Любовь Иванова Феликс Куловдун 2000-жылдан бери коргоочусу болуп жүрүп Феликс Куловго коюлган айыптардын баардыгы негизсиз экендигине ынангандыгын жана мыйзамдар ага карата такыр эле тескери колдонулуп жаткандыгын билдирди:

- Мен Куловго карата Кыргызстандын мыйзамдары такыр эле колдонулбай жаткандыгына коргоочу болуп жүрүп ынандым.

Анын сөзүн улаган күбө Валентина Ветрова Кулов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезинде «мамлекеттик каражатты өзү билемдик менен пайдаланды» деген айыпка негиз болгон бир факт боюнча маалымат берди. Анын билдирүүсү боюнча, «Кулов Октябрь районунун аймагында бир жарым миң чарчы метрлик жерге курулуш жүргүзүп, 700 миң сомдук зыян алып келди» деген айыпка негиз жок. Себеби, ал жерде эч нерсе курулган эмес жана ал жер кимге тиешелүү экендиги алигиче белгисиз. Ал тууралуу күбө Валентина Ветрова:

- Эгер бул маселе бирөөгө кызык болсо №37 мектептин жанына барып ошол жерди көрсө болот. Ошондо Кулов 700 миң сомду эмне үчүн төлөөгө милдеттүү болуп жатканына таң каласыңар! - деп, сотто бул факт боюнча берген көрсөтмөсү эске алынбагандыгын баса белгиледи.


Коомдук угууда сүйлөгөндөрдүн бардыгы Феликс Кулов бийликке жана ал жүргүзгөн саясатка карата өзгөчө көз карашта болгондугу үчүн гана куугунтукка алынып, абакка салынды деген ойлорун ортого салышты. Алардын бири Топчубек Тургуналиев Кулов бийликтен өз ыктыяры менен кеткендиги үчүн куугунтукталып жаткандыгын билдирди.

Укук коргоочу Турсунбек Акун Феликс Куловду бошотуу үчүн саясий, юридикалык ыкмалардын бардыгы жасалгандыгын жана анын камалышын иликтеген эларалык укук коргоо уюмдары да «Кулов саясий негизде камалган» деген тыянакка келип, кыргыз бийлигине жетекчилерине кайрылышса да майнап чыкпай жаткандыгын баса белгиледи. Анын ою боюнча, эгер мындай абал улана берсе Кыргызстанда бийликти Грузиядагыдай күч менен алмашуу болушу мүмкүн:

- «Эсиң барда этегиңди жап» деген сөз бар, урматтуу бийликтин өкүлдөрү. Биз канча акцияларды уюштурдук? Чыдоонун чеги болот. Куловдун күнөөсү жок. Ошондуктан мен силерден суранам, эсиңер барда этегиңерди жапкыла. Эл толкуп кете электе токтотуп, Куловду бошоткула. Бошотпосоңор бийлик өзүнө өзү жаман кылат. Эл Грузиядагыдай көчөгө чыгат. Анан ошондо бийлик саясатын көрөбүз.

Угуунун соңунда “Феликс Кулов акыйкатсыз соттолгон” деген резолюция кабыл алынды. Андан кийин сөз сүйлөгөн Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Куловдун бардык сот иштери бүткөндөн кийин бул маселени бейшембиден тартып иликтеп, анын мыйзамдуулугун териштирүүгө убада берди:

- Мен бул маселе боюнча буга чейин көп адамдар менен сүйлөштүм. Эртең Феликс Кулов олтурган түрмөгө барып, өзү менен жолугабыз. Себеби, мыйзам боюнча, бардык сот жараяндары бүткөндөн кийин гана Акыйкатчынын бул ишти кароого укугу бар. Куловдун ишинен баштап биз бардык кылмыш-жаза иштерин иликтөөгө киришебиз.

Маалымат берүү үчүн коомдук угууга 14 күбө, 4 адвокат, сот, прокуратура жана тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү чакырылган. Бирок алардын ичинен угууга бир адвокат, бир күбө гана келди. Угууга катышууга макулдугун берген бул адамдардын эмне себептен келбей калгандыгы угууну уюштурган «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаиловага да белгисиз болду:

- Баары тең келебиз деп айтышкан. Тилекке каршы, мына үйүнөн чыккан кишилер да келе албай жатышат. Балким коркушту. Алардын эмне себептен, эмне үчүн келбей калгандыгын иликтейбиз.

Угуунун катышуучулары болсо коомдук угуунун чечими кыргыз бийлигине таасир көрсөтүүгө тийиш деген ой менен тарашты. «Акыйкат жана прогресс» саясий партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев мындай көтөрүңкү маанай тууралуу мындай көз карашта:

- Ачык айтканда, көп деле таасир бербейт. Бирок, көңүл бурулуп, Феликс Кулов жөнүндө маселенин кайра козголушун мен туура көрүп жатам.

XS
SM
MD
LG