Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:38

Британ өкмөтү эксперт Девид Келлинин өлүмү үчүн күнөөлүү эмес, ал эми Би-Би-Синин маалыматы негизсиз


Бул тууралуу судья лорд Хаттондун бүгүн жарыяланган отчетунда айтылат. Ал британ коргоо министрлигинин эксперти Девид Келлинин өлүмүнө байланышкан жагдайларды иликтөөгө алган эле. Лорд Хаттон белгилегендей, өкмөт эксперт Келлини Би-Би-Сиге маалымат берген адам катары атоосунда, "кыянатчылыктын" жана "жашыруун стратегиянын" белгиси жок. Ошондой эле Хаттон Девид Келли өз жанын өзү кыйганын ырастады. Ал эми Би-Би-Синин британ өкмөтү Ирактын массалык кыргын салуучу куралдарынан келген коркунучту билип туруп эле апырткан деген маалыматын ал "негизсиз" деп атады. Бул тууралуу Би-Би-Си былтыр май айында өкмөттүн аты аталбаган экспертине шилтеме берип кабарлаган эле. Эксперт Девид Келлинин сөөгү ал ошол маалыматты Би-Би-Сиге берген адам катары аталган соң өз үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Британ премьери Тони Блэр лорд Хаттондун иликтөөсүнүн жыйынтыгын мындайча баалады:
- Мен аткарылган иш үчүн лорд Хаттонго жана анын кызматкерлерине өтө ыраазымын. Отчет өзү кеңири, кылдат жана даана түзүлгөн мыкты документ. Ал күмөнсүнүүлөр менен жалган интерпретацияларга орун калтырбайт. Биз аны толугу менен кабыл алабыз.

XS
SM
MD
LG