Учурда Кыргызстанда кычыраган кыш чилдеси өкүм сүрүп жатса, Мекеде 30 даража (градус) ысык. Кыргызстандан учак менен барган атуулдардын акыркылары 2-3 күн мурда Мекеге жетип, мейманканаларга жайгашып, 30-январда башталчу алгачкы сыйынуу иштеринин камын көрө башташса, автобус менен жолго чыккандар жаңыдан эле Мекеге жетишти. Мекеге ажылык сапарга барган Марат ажы менен бүгүн телефон аркылуу байланышканыбызда, ал шаардагы жагдайды мындайча сыпаттады:
- Бул жерде күн ысык, 30 градуска жетет. Бүгүн жолго чыгышкандардын акыркылары шаарга келип жатышат. Бардыгы жакшы. Баары чек арадан өтүп, Сауд Арабстандын аймагына кирген. Эми бул жерде Лугмар ажы штабдын башчысы. Бардык маалыматты ошол берет.
Кыргызстан Мусулмандар Башкармалыгынын Муфтийинин орунбасары, Мекедеги штабдын башчысы Лугмар ажы менен да телефон аркылуу байланыштык. Лугмар ажы да Кыргызстандыктардын бардыгы келишкенин, ооруп-сыркаган эч ким жоктугун, алар 30-январда Мина өрөөнүнө жол тартууга даярданып жатканын маалымдады:
- Кыргызстандан чыккан атуулдардын баары келди. Бардыгы 3 жарым миңден ашуун. Ооруп-сыркаган эч ким жок. Эртең Мина өрөөнүн көздөй жолго чыгабыз. Азыр ага карата даярдыктар көрүлүп жатат. Бул жерге келген бардык мусулмандар Кыргызстандын келечеги, эл-журтунун аман-эсендиги үчүн дуба кылабыз. Алдыдагы Курбан Айт майрамы кут болсун!
Эртең,30-январда, ажылык сапарга барган 3 жарым миңден ашуун кыргызстандыктар алгачкы парзын аткаруу үчүн Мина өрөөнүн көздөй жолго чыгат. Ажылык сапарга баргандардын алгачкы милдети эмнеден башталаары тууралуу Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуман уулу “Азаттыкка” айтып берди.
- Мына, 30-январды “тарвия күнү” деп койот. Тарвия күнү бүт ажылар ехрам кийишип, аны байланып туруп, анан Мина деген өрөөнгө жөнөшөт. Ошол Мина деген жерге барып, Бешим, Асыр, Шам, Куптан намазын жана Арафа күндүн Багымдат намазын ошол Минада окушат. Биринчи милдеттүү аткарыла турган маселелердин бири ушул, анан парзы - бул ехрам байлоо, - дейт Мураталы ажы.