Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

АЖЫЛЫККА БАРГАНДАРДЫН ШАРТЫ: ООШ-КЫЙЫШ, ООМАЛ-ТӨКМӨЛ ЖАГДАЙЛАР


Расмий маалыматтарга караганда, быйыл Сауди Арабиянын ыйык Меке шаарына ажылык парызын аткаруу үчүн 2 миллиондон ашуун мусулман чогулду. Эр-Риядда былтыр болгон жардыруу, Ирактагы согуш, САРС өңдүү эпидемиялардын коркунучунан улам, Саудиялык бийлик өлкөнүн аймагы боюнча коопсуздук чараларын күчөттү. Быйылкы ажылык жөнүндө Айнура Жекше кызы баяндайт.

Ажылыкка баруу менен мусулмандар беш парызынын бирин аткарат. Адамдардын жашоо-турмушу жакшырып, унаа байланыштары өнүккөн сайын Медина менен Мекедеги ыйык жерлерге зыярат кылууну каалаган мусулмандардын саны да арбып жатат.

Ошону менен бирге ажылыкты коштогон жагымсыз жагдайлар да көбөйүүдө. Миллиондогон киши топтолгон жайларда кырсык ансыз да болбой койбойт эмеспи. Мисалы, 1990-жылы 1 миң 426 зыяратчы тепсендиде калып, ажал тапкан. Эми болсо Сауди бийликтери террор коркунучунан чочулап жатат. Маселен, ажылыкка келдик деген шылтоо менен өлкөгө террорчулар да тымызын өтүп келиши ажеп эмес.

Падышалыктын коопсуздук органдары зыяратчылардын аркасында анти-америкалык демонстрациялардын чыгып кетүүсүнөн дагы чочулап жатышат. Анткени Ооганстан менен Ирактагы согуш айрым мусулмандар арасында АКШ өкмөтүнө каршы маанайды күчөттү. Бирок аны жалпы эле америкалык коомго каршы дешке да болбойт.

Америкалык зыяратчылар тобунун жетекчиси Мохаммад Абдулазиздин ырастоосунда, быйыл АКШдан Мекеге келген мусулмандардын саны былтыркыга караганда көбүрөөк болду.

Саясий нааразылыктар ажылык учурунда көп эле ирет уюштурулган. 1987-жылы ирандык зыяратчылар анти-америкалык демонстрация өткөрүп, полиция менен кагылышуу учурунда 402 киши набыт болгон. Ошол окуядан кийин, Сауд Арабия менен Иран ортосунда дипломатиялык байланыштар үзүлүп калган.

1989-жылы болсо Мекеде бомба жардырылып, бир киши мерт болуп, 16дайы жаракат алган.

Өткөн аптада Саудиялык падыша Фахд зыяратчыларга кайрылып, өлкөнүн мыйзамдарын урматтоого, ажылыкка көлөкө түшүрүүчү аракеттерден оолак болууга чакырды.

Коопсуздук чараларын дарыгерлер да күчөттү. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Хамад ал-Мани быйыл конголук мусулмандарга Саудияга келүүгө тыюу салынганын жарыялады. Конго жумуриятында азыр эбола жугуштуу илдетинин эпидемиясы күчөп турган кез. Ошол эле мезгилде САРС же өнөгөсүз өпкө оорусуна чалдыккан дагы үч киши жакында аныкталганына карабай, кытайлык зыяратчыларга чектөө киргизилген жок.

Саудиянын аэропортторуна адамдын дене температурасын аныктай турган атайын жабдыктар коюлду.

Мекеге карай жол бюрократиялык бир топ кыйынчылыктар менен да коштолот. Визаны кыйынчылык менен алуу, паракорлук, маалыматтын жетишсиздиги сыяктуу жагдайлар зыяратчылар үчүн көптөгөн машакат түзүүдө.

Өткөн жумада виза берүү менен каттамдарды уюштуруудагы баш аламандыктын айынан алты миңдей ирактык мусулман бир нече күн бою Кувейт менен чек арада кармалып турушту. Адегенде алар Багдаддагы аэропорттон түз эле Сауди Арабияга учушат деп болжолдонгон. Бирок аэропортту көзөмөлдөгөн америкалык күчтөр коопсуздук себептерден улам учууларга тыюу салган. Жалпысынан, быйылкы ажылыкка 30 миңдей ирактык жол тартты.

29-январда болсо транзит визасынын жоктугунан улам, 3 миңдей тажикстандык зыяратчы Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарынын аэропортунда камалып калышкан. Алардын сапарын улантууга Кызыл Чырым эл аралык уюму жардамдашты:

- Тажикстандын аба жолдору компаниясы зыяратчыларды Бириккен Араб эмираттары үчүн керек болгон транзит визасы жок эле ташыган, - дейт Кызыл чырым уюмунун Шаржа бөлүмүнүн башчысы Хамиз аc-Сувайди.

Кыргызстанга болсо, өлкөнүн муфтиятынын маалыматына ылайык, быйыл 4 миң кишилик квота чегерилген.

29-январда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Лугман ажы Мекеден телефон аркылуу билдиргендей, кыргызстандык зыяратчылар Саудия Арабияга аман-эсен жетишти.

Алдыда азыркы замандын ажылыкка болгон терс таасири жөнүндө сөз кылдык эле. Албетте, оң жактары да жок эмес. Мисалы, былтыр Мекедеги Кааба ташын айлануу учурунда кээ бир зыяратчылар чөнтөк телефондору аркылуу жакындарына каалоо-тилектерин жөнөтүп турушту.

Технологиялык соңку жаңылыктар зыяратчылардын тиричилик шартын мурдагы доорлордон алда канча жакшыртканы байкалат.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG