Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Бишкекте кыргыз-өзбек чегарасын тактоо маселеси талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте кыргыз-өзбек чегарасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өз ишин аяктады. Бул тууралуу республиканын Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Эки өлкөнүн чегарасын аныктоо боюнча Кыргызстандын өкмөттүк комиссиясынын мүчөсү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Эрик Асаналиев «Азаттыкка» маалымдагандай, үч күнгө созулган бул жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын чегарасын аныктоо ишин илгерилетүүгө өбөлгө түзө турган аракеттер жасалды. Кыргызстан менен Өзбекстандын чекара маселелери боюнча адистери, топографтары, картографтары чегараны тактоо маселесинин үстүндө иштеп, эки өлкөнүн 30 чакырым чегарасын аныктоого жетишти. Ошондой эле, жыйында кыргыз-өзбек чегарасын тактоо боюнча 2003-жылы жүргүзүлгөн иш-чаралар жыйынтыкталып, 2004-жылдын биринчи жарымында чегараны делимитациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын иш-пландары бекитилди. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чегаранын узундугу 1295 чакырымды түзөт.

XS
SM
MD
LG