Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

А.Сахаров атындагы сыйлыкты алуу үчүн БУУнун башкатчысы өзү келди


Мурдакы элчи, маркум Сержио Вьера де Меллого ыйгарылган Европарламенттин адам укугун коргоо жаатындагы мартабалуу сыйлыгын ООНдун башкатчысы Кофи Аннан өзү келип алды. Бириккен Улуттар Уюмунун Ирактагы элчиси, бразилиялык дипломат де Мелло былтыр Багдадда бомба чабуулунан өлгөн эле.
Аннан акыркы советтик диссидент Андрей Сахаров атындагы сыйылыкты алып жатып, маркумга көрсөтүлгөн сыйга ыраазылыгын айтты:
- Досуңар жана коллегаңар Сержио Вьера де Меллону жана дүйнөдөгү тынчтык үчүн кызмат кылып жүрүп курман болгон Улуттар Уюмунун башка кызматкерлерин сыйлаганыңар мени аябай толкундатты. Мен маркумду эскерип берилген Сахаров атындагы сыйлыкты сыймыктануу менен алам.

XS
SM
MD
LG