Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

УЛУТТУК ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯНЫН ДЫМАГЫ, КОРРУПЦИЯНЫН БАШАТЫ, ШАЙЛОО ТАЛАПКЕРЛЕРИ


Аптанын башында президент бийик тоолуу Нарын жергесинде болду. Кыргызстандын мусулмандарын муфтий Муратаалы ажы Жуман уулу Курман айт майрамы менен куттуктады. Жаңыланган Шайлоо кодексин мактагандар да, сындагандар да арбын. Кыргыз басылмаларында мындан тышкары бийлик менен интеллигенциянын мамилеси, акыл эмгегинин аркасы менен күн көргөндөрдүн коом алдындагы милдети тууралуу да айтылган.

Жума күнкү “В конце недели” апталыгына өнөр адамдары менен аалымдардын “тегерек үстөл” талкуусу жарыяланды. Режиссер Нурлан Абдыкадыровдун пикиринде, азыркы кыргыз интеллигенциясы орто кылымдык маанайда жашап жатат, анда феодалдык коомдун категориялары менен ой жүгүртүү үстөмдүк кылат. Базар мамилеси баштан басып турган чакта өлүү дүйнөнүн кулуна айлангандар арбууда.

Улуттун кендирин кескен социалдык кесел - аракечтиктин салакасы ушул эле гезиттеги “Түбүнө чейин шыпыра ичип” деген макалада баяндалган.

Аракечтиктин залалы тууралуу жума күнкү “Кыргыз туусу” гезити да жазды. Мундузбек Тентимишевдин “Аракечтиктен Чыңгызхан да корккон” деген аталыштагы макаласы мына ушул темага арналган.

Курман айт майрамына карата Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жумановдун куттуктоосу да гезиттин жаңы санында жарыяланган. Басылмада президент А.Акаевдин Нарын облусундагы иш сапарынан репортажга да орун берилген. Президенттин эл кыдыруусу тууралуу кеңири материалды жума күнкү “Эркин тоо” гезити да басты.

Жаңыланган Шайлоо кодекси коомчулукта кандай пикирлерди жаратып жатканына апта соңундагы “Заман Кыргызстан” гезити токтолгон. Парламент депутаты М.Султанов жаңыланган Шайлоо кодекси мурдагысынан кыйла дурус экенин айтса, анын кесиптеши А.Бекназаров “ал - эларалык стандартка жооп бербейт” деген пикирде.

А.Акаевди дагы бир мөөнөткө калтыруу сунуштарына жума күнкү “Жаңы ордо” гезитинде Дооронбек Садырбаев жооп берген. Анын пикиринде, эгер А.Акаев дагы бир мөөнөт калуу аракетин жасаса “өлкөдө өтө опуртал кырдаал түзүлөт”. А.Акаев эки-үч ирет президенттикке барбастыгын айткан. “Бул сөзүнөн кайтпайт го деп ойлойм”, - дейт Д.Садырбаев.

Басылмада жарыяланган маегинде парламент депутаты Орозбек Дүйшеев Кыргызстандын бир жылда иштеп тапканы 89 миллиардга жакын сом акчаны түзөрүн, аны жан башына эсептей келгенде 400 доллардан тийерин эсептеп чыккан. Ал акчаны 12 айга бөлүп ар бир жан башына үлөштүргөндө 1500 сомдон тийет. Бул биздин ички дүң продуктубуз элдин эң жөнөкөй керектөөсүнө да жетпейт дегендикти түшүндүрөт. “Андай болгон соң келечек жөнүндө сөз кылып кереги жок”, - дейт Орозбек Дүйшеев.

Мелис Эшимкановдун “Аалам” гезити менен жана Турсунбек Акун менен жарашканын жума күнкү “Жаңы ордо”, “Учкун”, “Демократ” гезиттери жазып чыгышты. Мелис Эшимканов аны өзү гезиттер менен соттошуунун кыныгын алып алгандарга өрнөк катары жасаганын билдирген:

- Бул аркылуу мен Кыргызстанга, журналисттерге, саясатчыларга үлгү көрсөткүм келди.

Жума күнкү “Агым” гезитинде Иманкадыр Рысалиевдин “Коррупция Акүйдүн 7-кабатынан башталган” деген макаласы жарыяланды. Автор “ушу тапта коррупция коомдун бардык катмарын камтыган илдетке айланды” деп жазат. “1-курстагы юристетр акча берип зачет койдуруп аткандан кийин бизди кандай болочок күтүп атканы дайын го. Элдин түшүнүгүндө Акүй алдагачан эле “жашыл үй” болуп калган”. И.Рысалиевдин пикиринде, эмдиги жылдын жазында өтчү парламенттик шайлоого президенттик администрациянын таасири анча тийбейт. Депутат болчулардын көбү президенттин саясатын сындоо аркылуу мандатка жетишет.

Ушул эле гезитте Жумагул Касымалиев президентке талапкерлер тууралуу пикирин жазган. Автордун айтымында, оппозициядан Курманбек Бакиев, Феликс Кулов, Ишенбай Кадырбеков, Алмаз Атамбаев, Адахан Мадумаровдун аттары аталууда. Бийлик тараптан болсо А.Акаевдин күчтүү мураскерлери катары Мисир Ашыркулов, Майрам Акаева, Мыктыбек Абдылдаев, Калык Иманкулов, Медетбек Керимкуловдун ысымдары айтылып келет.
XS
SM
MD
LG