Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:13

АБАКТАГЫЛАРДЫН АБАЛЫНА АКЫЙКАТЧЫНЫН ЖАНЫ АЧЫЙТ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир өлкөдөгү жаза өтөө жайларын кыдырууну аяктады. Кечээ ал Бишкектеги күчөтүлгөн тартиптеги №19 жаза өтөө жайында болуп, анын абалы менен таанышты. «Арнамыс» партиясынын бул абакта жаткан жетекчиси Феликс Кулов өзүнүн сот иши боюнча Акыйкатчыга кайрылаарын билдирди.

2003-жылы Акыйкатчы өлкөдөгү убактылуу кармоочу тергөө жайларын жана жаза өтөө абактарын кыдырып, алардагы абал менен таанышууну баштаган. Мындай иш-чараларды Акыйкатчы 29-январда Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда жайгашкан, күчөтүлгөн тартиптеги №19 жаза өтөө жайында болуу менен аяктады. Белгилүү болгондой, бул жаза өтөө жайында мурда тартип коргоо, сот органдарында иштегендер жана экономикалык кылмыштар үчүн соттолгондор жатат. Ал жерде «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов да отурат. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу маалымдагандай, бул камакта 536 адам бар. Алардын ичинде да майда кылмыш иштери үчүн отургандар же болбосо, тергөөчүлөрдүн, соттордун күнөөсү менен мыйзамсыз жазага тартылгандар да аз эмес. Турсунбай Бакир уулунун маалыматы боюнча, Феликс Кулов өзүнүн сот иши боюнча Акыйкатчыга кайрылаарын билдирген:

- Феликс Шаршенбаевич менен өзү жаткан бөлмөдө жолугушуп, сүйлөштүм. “Эгерде кааласаңыз мага кайрылсаңыз болот” дедим. Себеби, мыйзам боюнча мага “Арнамыс” партиясынын өкүлдөрү эмес, Ф. Куловдун өзү арыз менен кайрылышы керек. Ал өзү да “ушул күнгө чейин Конституциялык сот да, Жогорку сот да менин маселемди чечип берген жок, эми сизге кайрылам” деп айтты. Эми арыз жазса эле, биз аны карай баштайбыз. Кулов “ушунча сот чечимдери чыкса да, мен өзүмдү күнөөсүзмүн деп эсептейм” деп айтты.

Турсунбай Бакир уулунун айтымында, республикадагы башка жаза өтөө жайларындай эле, № 19 түрмөдө да шарт өтө начар. Ал жерде жок дегенде телефон байланышы да жок. Акыйкатчы белгилегендей, түрмөдөгү шарт оңолбосо, анда чыр-чатак чыгышы да толук ыктымал.

Камакта иштегендерде да шарт жок. Сонңку мезгилде эле бул абактын 2 кызматкери өз убагында медицина жардамын албай калып каза болушкан. Башка жаза өтөө жайларына караганда, алардын айлык акылары кыйла төмөн. Анткени, Кыргызстанда жаза өтөө жайларынынын кызматкерлеринин айлык акысы алар иштеген камакта жаза өтөп жаткан адамдардын санына жараша төлөнөт. Ал эми 19 камакта жаза өтөп жаткан адамдардын саны башка абактарга караганда эки, үч эсеге аз. Бул түрмөнүн кызматкерлеринин балдары болсо 6 чакырым алыстагы мектепке жөө барып келип окууга аргасыз.

- Мен камакта отургандарды кайтарып жаткандарlsy өздөрү да жаза өтөп жатышат деп айта алам. Айырмасы жок. Эгер камактагылар соттун өкүмү менен отурушса, аларды кайтаргандар министрдин буйругу менен отурушат. Бирок, алардын үй-бүлө мүчөлөрү да алар менен кошо кыйналып жатышат, - дейт Турсунбай Бакир уулу.

Акыйкатчы ошону менен, бирге өлкөдөгү адилет сот системасынын жоктугун да айтты:

- Сот жазасына адилетсиз тартылгандар “биз сизге кайрылбайбыз. Биз эркиндикке чыккандан кийин, башка бир кадамдарга барабыз” дешти. Бул - бизди түрмөгө отургузган тергөөчүлөрдү же акыйкатсыз сот чечимин чыгарган сотторду жок кылууга барабыз” дегенди эле билдирет да!

Турсунбай Бакир уулу «Кыргызстанда эларалык талаптар тургай, жөнөкөй талаптарга эле жооп берген бир да убактылуу тергөө жайы же жаза өтөө абагы жок», --деп сөзүн жыйынтыктады.

XS
SM
MD
LG