Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Кыргызстандын атуулдарынын эларалык сотко кайрылууга укуктары жок


БИШКЕК. «Кыргызстан эларалык уюмдарга мүчөлүк акыларын өз убагында төлөй албагандыктан, анын өлчөмү жыл сайын көбөйүүдө. Учурда Кыргызстан чет элдик уюмдарга мүчөлүк акы үчүн 535 миллион сом карыз. Буга байланыштуу Кыргызстан эларалык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялабай келет». Мындай жоопту өкмөт башчы Николай Танаев депутат Азимбек Бекназаровдун эларалык кылмыш сотунун Рим статутун Жогорку Кеңешке ратификациялоого жиберүү тууралуу өтүнүчүнө жооп катары жиберген. Азимбек Бекназаровдун айтымында, Кыргызстандын аткаруу бийлиги Рим статутун ратификациялоону атайылап кечеңдетүүдө. «Эгер Рим статуту ратификацияланса, жергиликтүү соттун өкүмүнө наарызы болгон ар бир атуул эларалык сотко доо арыз менен кайрылууга укук алат», - дейт Азимбек Бекназаров. Кыргызстандын аткаруу бийлиги эларалык кылмыш сотунун Рим статутуна 1998-жылдын декабрь айында кол койгон.

XS
SM
MD
LG