Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:12

КОРРУПЦИЯ КООМДУН КАН ТАМЫРЫНА СИҢИП КЕТКЕН


2004-жыл Кыргызстанда социалдык мобилизациялоо, абийирдүү башкаруунун жылы деп жарыяланган. Жыл башында Кыргызстан Экономикалык кызматташтык уюмунун коррупцияга каршы күрөшүү планына кошулду. Бириккен Улуттар уюмунун коррупцияга каршы конвенциясына кошулуу Кыргызстанга бир топ милдеттерди жүктөйт. Чайлап-коолап кеткен коррупциянын тамырын тартып көрүш амалында талдоо жүргүзүп, бир катар экспертизаларды жасоо милдети алдыда турат.

Кийинки кезде Кыргызстандагы коррупция Акүйдүн 7-кабатынан алда качан түшүп, коомдун кан тамырына терең жайылып кеткени арбын айтылууда. Коррупционерлерди айкөл Манастын арбагы менен коркутуу деле күткөн натыйжаны бербеди. Ушундан улам Коопсуздук кеңештин өткөн жылкы чечимине ылайык түзүлгөн Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешинин ишинен натыйжа чыгарына ишенбегендер арбын. Жарыбаган маяна менен эле жаркылдаган жаңы машина минип, көз жоосун алган кош кабат үйлөрдү салып жаткан кызматкерлерди мыйзам жоопкерчилигине тартуу менен иш бүтпөстүгүн Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеш мүчөлөрү дамамат айтып келишет.

Улуттук кеңеш катчылыгынын жетекчиси Кубан Өмүралиевдин айтымында, колу туткак мамлекеттик кызматкерлерге, мамлекеттик казына мүлккө кол салгандарга каршы коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги, прокуратура, сот күрөшөт:

- Учурдагы коррупцияга каршы күрөшчү органдар бар. Алар -сот, прокуратура, Ички иштер министрлиги. Биздин аракет, негизинен, келечекке багытталган. Мыйзамдарыбызды тактап, коррупцияга жол бере турган жылчыктарын жоюу керек. Биз аларды аз-аздап жоготпосок бир эле күндө коррупцияны эч ким жеңе албайт. Коррупция бардык мамлекетте бар.

Коррупцияга каршы күрөшүүгө арналып, Парижде өткөн жыйында быйыл жана эмдиги жылы аткарыла турган иштер талкууланып, коррупцияга каршы жасалып жаткан аракеттерди эл аралык стандарттын талабына ылайык жүргүзүү зарылдыгы белгиленген. Ал жыйынга катышкан Кубан Өмүралиевдин ырасташы боюнча, Кыргызстан мындан бир аз мурун Бириккен Улуттар уюмунун Азия жана Океан мамлекеттериндеги коррупцияга каршы күрөшүү планына кошулган.

- Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттар уюмунун Азия жана Океан өлкөлөрү планына мындан эки жыл мурун кошулганбыз. Ал боюнча иштер жүрүп атат. Биздин башкы милдет-коррупцияга каршы күрөш боюнча эл аралык стандартка жакындоо.

Жаңы кошулган пландагы милдеттерге ылайык, ушул жылдын жайында Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшүүнүн мыйзамдык-укуктук негиздерин түзүп, мамлекеттик бийлик коррупцияга каршы күрөшүү үчүн кандай аракеттерди көрүп жатканын баяндаган доклад сунуш кылат. Кубан Өмүралиевдин маалымдашынча, ушу тапта Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеши быйылкы жылы аткара турган иш планын бекиткен.

- Алдыдагы 5 айга карата иш-чаралар кабыл алынды. Ошонун негизинде жакында ушул иш-чараларды аткаруу боюнча өкмөттүн токтому чыкты. Мында 15 маселе бар. Эң биринчиси - реформаларды алга жылдыруу. Комплекстүү өнүгүү программасына ылайык узак мөөнөткө эсептелген башкаруу системасын реформалоонун стратегиясын даярдадык. Бул эң негизги маселелердин бири.

Ал эми Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин кафедра башчысы Айылчы Сарыбаевдин пикири боюнча, коррупциянын тамыры тереңде:

- Мамлекет пайда болгондо эле коррупция кошо чыккан. Мамлекеттик аппарат жана анын башында турган адамдардын өздөрү коррупцияны жок кылууга аракет жасайбы, баары ушуга байланыштуу болот.

Эмдиги жылы өтүүчү парламенттик, президенттик шайлоодо коррупция темасы чоң саясий маани-мазмунга ээ болот. Оппозиция азыркы бийликтин туташ коррупцияланып калганын айтып өзүнө саясий упай топтосо, расмий бийлик Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешин түзүп, коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзүп жатканын айтат. Эл аралык уюмдардын маалыматына караганда, Кыргызстан абдан коррупцияланган өлкө, жалпы тизмеде ал Африкадагы бир-эки өлкөдөн кийинки орунду ээлейт.

XS
SM
MD
LG