Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Израилдин аскерлери бир согушкерди жок кылды, бир нече палестинди камакка алды


Иерихон шаарында атышуу учурунда "ал-Акса бригадасынын шейиттери" деп аталган топтун согушкери мерт болду. Ушул эле жерден Палестинанын чалгын кызматыннын бир өкүлү камака алынды. Камаар алдында жөөт аскерлери анын эки кабат үйүн талкалап, өзүн жарадар кылышкан. Рамалла шаарынын чет жакасындагы Хизмех деп аталган кыштактан да жөөт жарандарына кол салганы үчүн шектелген алты палестин кармалды. Ал эми Палестин автономиясынын бийликтери Гаагадагы эл аралык сотко Израил Иордандын Батыш жээгинде "тосмо дубалды" куруп жатканы тууралуу документтерди тапшырды. Палестин өкүлү Саэб Эрекаттын пикиринде, Гаагадагы сотто дубалдын курулушун мыйзамсыз деп табуу үчүн укук жетиштүү. Сот ишти БУУнун Башкы ассамблеясынын кайрылуусу боюнча 23-февралда карай баштайт. Бир катар өлкөлөр, анын ичинде Израил, АКШ, Британия сот жараянынын башталышына каршы.

XS
SM
MD
LG