Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

ПРЕЗИДЕНТ НАЗАРБАЕВДИН КЫЗЫ ЖЕТЕКТЕГЕН “АШАР” ПАРТИЯСЫНЫН БИРИНЧИ КУРУЛТАЙЫ ӨТТҮ


Шейшекан Жаналиева, Прага Кечээ 31-январда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева жетектеген “Ашар” партиясынын биринчи курултайы өттү. Бул курултайдын өтүшү жана анда козголгон маселелер тууралуу ар кандай пикирлер пайда айтылууда.

Казакстандык айрым серепчилердин айткандарына караганда, 2006-жылы өтө турган президенттик шайлоодо Нурсултан Назарбаевдин катыша тургандыгы тууралуу маалыматтын ачыкка чыгышы курултайга көлөкө түшүрдү.

Казакстандын “Кабар” мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Дарига Назарбаеванын маалыматы боюнча, “Ашар” партиясынын парламентте 10 депуттаттан турган тобу түзүлдү.

Акыркы маалыматтарга караганда, “Ашар” саясий партиясынын 77 миң мүчөсү бар. Бул партия Казакстандын юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн.

Ошентип,“Ашар” партиясы Казакстандагы “Отан” партиясынан кийинки үлкөн партиялардын катарына кирди.

Курултай учурунда Дарига Назарбаева: “Октябрь айында боло турган парламенттик шайлоодо эң кеминде биздин партия мандаттын тең жарымын ээлейт. Бирок, өзүмдүн парламенттик шайлоого катыша турган оюм жок”, - деп айтты.

Айрым серепчилердин баамдоолоруна караганда, Президенттин кеңешчиси Эрмухамед Эртисбаев 2006-жылы Нурсултан Назарбаев президенттик шайлоого катышат деп жарыялагандан кийинки “Ашар” курултайы Казакстандагы чоң жаңылык болуп калды.

“Ар бир элдин саясатта өз жолу, мисалы, Азербайжандын, Грузиянын өз багыты бар. Бирок, Казакстанда жагдай дээрлик башка. Бизде күчтүү, акылы тунук, терең билимдүү президентибиз бар. Ошондуктан, бизге көз арткандар да көп. Көрө албастык менен карагандар да жок эмес. Бизде да Назарбаевдей президент болсо деп суктанышат. Мындан артык эмне айта алабыз”, - дейт Назарбаева.

Арийне, Дарига Назарбаева президенттин кеңешчиси Эртисбаевдин айткандарынан көбүрөөк билүүсү мүмкүн. Анткени, Дарига Казакстан Азербайжандын үлгүсү менен менен жүрбөйт деген түр көрсөттү, - дешет серепчилер.


“Мен эртең же, бүрсүгүнү эмне болоорун билбейм. Бирок, менин биле турганым - алдыдагы 10 жылда президент өзүнө мураскор боло турган адамды өзү чечет. Ага мен ишенем”, - дейт Назарбаева.


Казакстандын 1995-жылы кабыл алынган конституциясы боюнча президент 2 жолу гана президенттик шайлоого катыша алат деп айтылган. Бирок, 1998-жылы парламент президенттик мөөнөттү 5 жылдан 7 жылга чейин узартуу жана президенттикке шайлануу жаатындагы чектөөнү алып салуу тууралуу чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG