Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Ирактын түндүгүндөгү жанкечти чабуулдарда 56 киши курман болду


Арбил шаарында эки бомбанын жарылуусу эки Күрдистан партиясынын штаб-квартирасын астын-үстүн кылып таштады. Так сандар белгилүү эмес, бирок АКШ армиясынын генералы Марк Киммит кеминде 56 кишинин өмүрү кыйылып, аз эле дегенде 200 киши жарадар экенин билдирди. Жанкечтилер Күрдистандын Патриоттор биримдиги менен Күрдистандын Демократиячыл партиясынын колдоочулары курман айтты белгилеп жатканда чабуулга өтүшкөн.
Марк Киммит буларды кошумчалады:
- Азырынча, жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бул "Ансар ал-Ислам" уюшмасынын, "ал-Каиданын" же Ирактын ичинен аракеттенген, же ошого умтулган чет элдик террордук уюшмалардын колунан келген болушу мүмкүн.
Иракта кечээ ошондой эле төрт полициячы жараат алып, курал кампасындагы жарылуудан 20 чакты киши набыт болду.
Бул күнү АКШнын коргонуу министринин орун басары Пол Уолфовиц Багдадга келди. Анын сапары алдын ала жарыяланган эмес.

XS
SM
MD
LG