Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

ООГАН АЯЛЗАТЫ ЭСКИ АДАТТЫН КУРМАНДЫГЫ БОЙДОН КАЛА БЕРҮҮДӨ


Эми аялдардын укугу менен байланыштуу баянга назар салыңыздар. Бугүн Ооганстандагы пуштун уруусунун эскиден калган бир салты жөнүндө сөз кылабыз. Кыздарды кунга берүү салты укук коргоочулардын сынына кабылып келатканы менен, Ооган өкмөтү пуштундардын бул байыркы адатына каршы мыйзамдуу чара көрүүгө дээрлик алсыз.

Пуштундардын салтына ылайык, касташкан үй-бүлөлөрдөн бир эркек өлтүрүлсө же катуу жарадар болсо, жергиликтүү жырга же аксакалдар кеңеши чогулуп, талашты чечүүнү өз колуна алат. Көпчүлүк убакытта жырганын буйругу менен курман болгондун жакындарына каршы тараптан бир кыз күйөөгө берилет. Айрым учурларда жаңы төрөлгөн ымыркай кыздар “төгүлгөн кандын куну” деп жарыяланат, ал бойго жетээри менен касташкан үй-бүлөдөн бирөө менен баш кошот.

Байыркы кыргыздарда да кара башыл кунга берүү салты бар болчу. Бирок азыркы заманда адамды кулчулукка сатуу, жаңы төрөлгөн кыздардын башын байлоо орто кылымдан калган жапайы адат катары бааланып калды.

Вардак вилайетиндеги пуштундардын аксакалы Абдулвали Ахмадияр кун ар кандай болушу мүмкүн дейт:

- Акы кылмышка жараша болот. Эркек колунан, бутунан же кулагынан ажыраса, сокур болуп калса, каршы тарап “чадар” деген кун төлөйт. Башкача айтканда, жаңы төрөлгөн кыздын башын байлап коюшат. Жабыркаган үй-бүлө калыңдын төрттөн бир бөлүгүн гана берет.

Ооганстанда канча кыз барымтага байланып сатылганы жөнүндөгү статистика жок. Жергиликтүү аялдар журналынын редактору Шукрия Барекзайдын ырастоосунда, ошондой кыздардын саны азыр деле арбын.

Аксакал Ахмадияр бул салт уруу аралык жаңжалдарды жөнгө салып, касташкан тараптардын өз ара душманчылыгын жоюуга көмөктөшөт десе, кунга берилген Хамида атуу келин аны менен макул эмес. 24 жаштагы Хамиданын агасы бир жер тилкеси үчүн талашып кетип, кошуна үй-бүлөнүн баласын өлтүрүп койгон. Ал үчүн аксакалдардын чечими менен Хамида кунга берилген. Бирок жаш келиндин айтуусунда, эки үй-бүлө ортосундагы кастык жок кылынмак турсун, ого бетер күчөдү:

- Менин турмушум чыдагыс болуп калды. Ата-энем менен турганда мектепке барчумун. 10-классты бүтүргөм. Жаңы үй-бүлөм болсо окуума уруксат бербейт. Эртеден кечке чейин үй оокат менен алекмин. Төркүнүмө да бардырышпайт. Эки үй-бүлө бири бири менен катышпайт.

Пуштундардын көпчүлүк үрп-адаттары аялдарга катаал чектөө койот. Мисалы, жесир калган аял күйөөгө чыгам десе, мурунку күйөөсүнүн ага-инилери же жакын туугандары менен гана баш кошо алат. Ошол эле мезгилде, эркектер көп аял алууга укуктуу. Ажырашуу чарасы болсо пуштундарда айып иш катары баалангандыгы үчүн, андай учурлар жокко эсе.

Шукрия Барекзайдын көз карашында, уруулук мыйзамдар коомдо дагы көпкө үстөмдүк кылат. Жада калса адамды өлтүрүү фактысы боюнча тергөөнү полиция же башка өкмөттүк мекеме эмес, жергиликтүү жырга өткөрөт. Барекзай бул адат адам укуктарынын бузулушунун айкын мисалы деп кошумчалайт:

- Аялдардын укуктарын тепселеген кунга берүү салтын ооган коомунда расмий жоюу мүмкүн эмес. Аны диний, расмий үгүттөө аркылуу адамдардын аң-сезиминен качандыр бир күнү жок кылабыз деп үмүттөнөм. Бирок жакынкы келечекте бул салтты жоюу - куру кыял бойдон эле кала берет.

Ооганстандын жаңы өкмөтү аялдардын укуктарын урматтоону өз саясатынын негизги бөлүгү катары атап, кыз-келиндерге окуу, иштөө үчүн шарт түзүлөт деп айтып келатат. Жаңы конституция боюнча ар бир вилайеттен аялзаттын эң аз дегенде экиден өкүлү парламентке шайланышы керек.


Иш жүзүндө болсо, күнүмдүк турмуштан байкалгандай, салттуу ооган коомунда аялдар менен эркектердин укуктарын теңдештирүүгө дагы көп убакыт бар, - дешет көз карандысыз байкоочулар.

XS
SM
MD
LG