Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

БҮГҮН ПАРЛАМЕНТТЕ ИШКЕРДИК МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНАТ


Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жайды өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо комитетинде ишкердик маселелерине арналган жыйын өтөт.

Ишкердикти колдоо, ага мыйзамдык ыңтайлуу шарт түзүп берүү тууралуу өкмөттүк деңгээлде ар кандай кептер айтылып келет. Анткен менен ишкердик өлкө экономикасын алдыга сүрөй турган чыныгы күчкө айлана элек. Мамлекет казынасына түшчү кирешенин оор жүгүн да олуттуу түрдө көтөрүүгө көп убакыт бар. Белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахмановдун пикиринде ишкердикти өнүктүрүш үчүн оболу баарына бирдей шарт түзүү зарыл.

- Азыркы базардын шартында таза ишкер адамдар чыгышы үчүн жарыш уюштуруу керек. Жарыш болгондо адам өзү эле чыгып келет.

Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын комитет жетекчиси Жаныш Рүстөмбеков ар кандай иштин максаты элдин кызыкчылыгына багындырылышы керек деп эсептейт.

- Биздин өндүрүш, завод, фабрикалар иштебейт, эчтеке жок. Биздин өкмөттүн айтып аткандарынын баары сөз жүзүндө гана калууда.

Быйылкы жыл кыргыз бийлиги тарабынан социалдык дем-шыктантуу жылы катары жарыяланган. “Бул милдетти жүзөгө ашыруунун бир жолу - ишкердикти жайылтуу, ага мыйзамдык негиз түзүү”, – дешет жергиликтүү саясатчылар.

XS
SM
MD
LG