Кыргызстандын аймагында май-август аралыгында 500 жерде жеркөчкү жүрүшү мүмкүн. Мындан тышкары Чүй жана Ысыккөл өрөөндөрүнүн айрым аймактарында жер алдынан суу чыгып, ал жергиликтүү тургундардын турак үйлөрүнө коркунуч туудурууда. Мындай жагдай 1343 үй-бүлөнү башка жакка көчүүгө аргасыз кылууда. Бул үй-бүлөлөрдү көчүрүү жана аларды жайгаштыруу үчүн кеминде 21 миллион сом талап кылынат. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги менен айыл жана суу чарба министрлиги ушундай божомол жасоодо.
Акыркы иликтөөлөргө караганда, көчүрүүгө муктаж турак үйлөрдүн саны улам көбөйүп баратат. Алардын катарында жер титирөөдөн жабыр тарткан турак үйлөр да бар. Ошондуктан, экология министрлиги кооптуу аймактарда жайгашкан турак үйлөргө кайрадан мониторинг жүргүзүү, анын негизинде турак жайлардын жагдайын категория менен баалоо зарылдыгын белгилеп жатат. Ошондой эле министрлик тармакка бөлүнгөн бюджеттик каражатты кайрадан бөлүштүрүп, анчалык опурталдуу эмес социалдык обьектилерди ремонттоону быйыл убактылуу токтото турууга, анын эсебинен жер алдынан чыккан суунун көлөмүн азайтууга кызыкдар болууда.
Бул тууралуу кечээ (шейшембиде) өткөн өкмөт жыйынында министр Темирбек Акматалиев мындай деди:
- Эгер сиз колдосоңуз, биз социалдык-маданий-тиричилик обьектилеринде айрым иштерди быйыл убактылуу токтотууну сунуштаар элек. Бизде музыкалык мектептерди, клубдарды ремонттоо боюнча жасалчу иштер бар.
Премьер министр Николай Танаев экология министринин мындай сунушун колдогон жери жок:
- Мен бул сунушка толук кошула албайм. Билим берүү министрлигине мындай акча берилген эмес. Биз бул каражатты экология министрлиги аркылуу бөлгөнбүз. Жаандан, кардан имараттар талкаланып калса, кимге жеңил болмок эле?
Бирок, премьер министр жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча айыл чарба, экология жана транспорт министрликтеринин көпчүлүк сунуштарын, демилгелерин колдоп жатат. Премьер министрдин айтымында, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча чукул чараларды көрүү зарыл. «Азыртан аракет кылбасак, кийин бизди эч ким кечирбейт» деди ал.
Бирок, күтүлүп жаткан жаратылыш кырсыктарына каршы күрөшүүгө өкмөттүн каруусу келбейт. Азыр жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн жалпысынан канча каражат кетери тактала элек. Бирок, өкмөт анын жарымын табууга да чамасы келбей турганын белгилөөдө.
- Мен Эл аралык каржы уюмдарынан кошумча каражат сураш үчүн мамлекеттик инвестиция боюнча программаны азайтууга барат окшойм. Бул канча болот? 5 миллион болобу? 10 миллион болобу? Бирок, ушундай кылуу керек болуп турат,-деди Tанаев өкмөттүк жыйында.
Мындан тышкары өкмөт Бириккен Улуттар Уюму баш болгон Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен келээрки аптада жолугушуп, күтүлүп жаткан жазгы жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча жолугушуу өткөрмөй болду. Ага чейин экология, айыл чарба, жол, турак жай курулуш тармактары биргелешип маалымат даярдамай болушту. Мындай чечимди шейшембиде өткөн өкмөттүк жыйын чыгарды.