Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:18

«Ошжибек» акционердик коомунун мүлкү таланып жатабы?


ОШ. Мурда Кыргызстандагы ири ишкана эсептелген «Ошжибек» акционердик коому менчиктештирүү учурунда Ирландиялык фирмага сатылган. Бирок, иш жүрбөгөндүктөн, ишкананын 52% акциясы Орусиянын Иваново шаарында жашаган ишкер Тельман Фероянга сатылган. Ишкер ишкананы жандандырбай эле, шаблон даярдоочу, гүл басуучу жана башка машина жабдууларын Орусиянын Иваново шаарына жѳнѳтүп жибергендиги кабарланууда. Бирок, ишкананын азыркы кожоюндары ал тууралуу маалымат бербей жана комбинатка эч кимди киргизбей жатат. Бул боюнча Ош облустук, Ош шаардык бийликтеринин маалыматы бар экени белгисиз. Ал эми адистердин айтымында, Голландиядан алынып келинген бир ѳндүрүш станогунун баасы эле 500 миң долларга жетет.

XS
SM
MD
LG