Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Баткенде иш-сапары менен жүрөт


БАТКЕН. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын областтагы үч күндүк иш сапары шаршемби күнү Кызылкыя шаарынан башталды. Элчи шаар бийлиги менен жолугушкан соң демократияны колдоо боюнча маалымат борборунда болуп, алардын иш-аракети менен таанышты. Андан кийин сапарын Кадамжай районунда улантты. Сапар учурунда элчи облустту баштан аяк кыдырып чыгып, губернатор менен жолугушуп, айрым бейөкмөт уюмдардын иши менен таанышуу жана жергиликтүү журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүү максатын көздөөдө. Ошондой эле, элчи Баткен мамлекеттик университетинде, облусттук ички иштер башкармалыгында, Баткендеги чегара бөлүгүндө жана Лейлектеги өзбек маданий борборунда болушу болжолдонууда. АКШ элчисинин иш-сапары 6-февралда Сүлүктү шаарында соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG