Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

ФЕЛИКС КУЛОВ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕР БОЛО АЛАБЫ? БҮБҮЙНА ОРУЗБАЕВА – ЧЫГААН ИЛИМПОЗ. ЖЕР АЛДЫНДАГЫ СУУЛАР КӨТӨРҮЛҮҮДӨ...


Бүгүн, 4-февралда, “Дело №”, “Вечерний Бишкек”, “Кыргыз караван”,”Адабий гезит”,” Слово Кыргызстана” жана “Московский Комсомолец - Кыргызстан” гезиттери жарык көрдү.

Шаршембиде жарык көргөн “Дело №” гезити Мекедеги ажылык зыярат учурунда 244 адам каза болгонун жазып, арасында Кыргызстандык мусулмандар жогун, алардын баарынын эсен-аман экендигин кабарлады.

Ушул гезитте өлкөнүн акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу менен маек жарыяланды. Маек акыйкатчы Феликс Кулов менен түрмөдө жолугушуп кайткандан кийин даярдалган. Акыйкатчы өз сөзүндө Куловдун ден соолугу жайында экенин, ал жайгашкан камера башкалардыкына салыштырмалуу дурус экенин айткан. Ошондой эле Турсунбай Бакир уулу Кулов түрмөдөн чыгып, акталмайынча президенттикке талапкер боло албастыгы тууралуу оюн, ички иштер тармагы реформага муктаж болуп турганын да маек учурунда белгилеген.

«Вечерний Бишкек» күндөлүк гезити өлкөнүн айрым аймактарында жер алдындагы суулар көтөрүлүп жатканын маалымдады. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиевге шилтеме берген гезит ”500дөй аймакта жер көчкү жүрүшү ыктымал. Ошондуктан, 1343 үй бүлөнү коопсуз райондорго көчүрүү зарыл. Жер алдындагы суулардын көтөрүлүүсүнөн 180 айыл жабыр тартышы мүмкүн” деп жазды.

“Слово Кыргызстана» басылмасы Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын 4-курултайынан репортаж берди. Бул Ассамблея кеңешинин төрагасы Иса Токоевдин айтымында: “Кыргызстан калктары демократиялык эгемендүү өлкөнү курууга зор салым кошуу менен, жаңы деңгээлге көтөрүлдү.”

«Московский комсомолец - Кыргызстан» жумалыгы журналист Лира Бостонкулованын 2005-жылда боло турган парламенттик жана президенттик шайлоо өнөктүктөрүн утурлап жазган аналитикалык макаласын жарыялады. “Шайлоочулар талапкерлерди тандабай эле, алар шайлоочуларды тандап, алдын ала шайлоо өнөктүгүн баштап, элди эрте дүрбөтө баштады” дейт автор.

4-февралда белгилүү бийчи, коомдук ишмер Чолпонбек Базарбаев 55 жашка чыкмак. «Московский комсомолец - Кыргызстан» белгилүү өнөрпоз менен бирге бийлеген Айсулуу Токомбаевдин, анын жубайы Кубанычбек Алиевдин эскерүүлөрүнө орун берди.

«Адабий гезит» Аскар Акаевди “Дүйнөдөгү тынчтыкты чыңдоого салым кошкондугу үчүн” Нобель сыйлыгына көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Мындай пикирин гезитке Кадырбек Жекшелаев билдирген. “Армян-азербайжан согуштарын, Тажикстандагы он жылга созулган атуулдук согушту дүйнө коомчулугу, эл аралык уюмдар токтото албай коюшканда Кыргызстанда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин ынтымакка келишпеди беле.Экинчиден, Аскар Акаевдин демилгеси менен тоо саммити өтүп, тоолуу өлкөлөргө көңүл бурулду”, - дейт демилгенин автору.

“Адабий гезитте” өлкөнүн Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү Бүбүйна Орузбаеванын илим сапарына саякат жасаган маек жарыяланды. “Адабияттын,тарыхтын тегерегинде айыгышкан күрөш күч алганда аспирант болуп, залкар окумуштуулар Константин Юдахин, Игорь Батманов, Кусейин Карасаев менен бирге иштегем” дейт окумуштуу.

Ушул эле басылмада күү иликтөөчү Асан Кайбылдаев “өлкөдө улуттук рухту туу туткан идеология жок” деген оюн айтты.

Эртеңкиге, 5-февралга басууга даярдалып жаткан «Общественный рейтинг» жумалыгында кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу жооптуу катчы Наргиза Кожомкулова мындай дейт:

- Бул жолу АКШнын мамлекеттик департаментинин координатору К. Паскуалдын Кыргызстандагы демократиялык процесстер тууралуу пикири, дүйнөлүк глобалдаштыруу маселесинин кесепеттери жөнүндөгү Индияда өткөн социалдык Форум жөнүндө, ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден берки 5 жылда өлкө кандай пайда-зыян тарткандыгын талдоого алган макалаларды окуйсуздар жана жеңил өнөр жай тармагында 90 пайыздан ашыгы көмүскө экономикага айланып, мамлекет зыян тартып жаткандыгы тууралуу «Эдельвейс» акционердик коомунун төрагасы Александр Савицский айтып берет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG