Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Нарындык фермердин талабы канааттандырылды


БИШКЕК. Бүгүн Кочкор районундагы «Бейшенаалы» фермердик чарбанын өкүлү Калиса Бейшеналиева менен анын энеси Гүлүйпа Бейшеналиева Жогорку Соттун имаратынын алдына ачкачылык жарыялап, пикетке чыгышты. Алар муну менен Кыргызстандын сот системасына нааразы экендиктерин жана адамдык укуктарынын басмырланганын билдиришти. Калиса Бейшеналиеванын айтымында, акцияга чыгууга 1995-жылы фермердик чарбага берилген кашардын 1997-жылы мурда чарбада иштебеген башка адамга сатылып кеткендиги жана ага байланышкан сот жараяндарында соттордун акыйкат чечим чыгарбай жатышкандыгы себеп болду. Калиса Бейшеналиева бул жолу кашарга байланыштуу акыркы арызын Нарын облустук сотунда каралышын талап кылды. Жогорку Сот анын талабын канааттандырып, «арызын башка облустук сот эмес Нарын облустук сот гана карап чечим чыгарсын» деген көрсөтмө берди.

XS
SM
MD
LG