Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

АЖЫ КҮНДӨЛҮГҮ


Сауд Арабиясындагы ыйык Мекке шаарына ажы болуу ниети менен келген 2 миллионго жакын зыяратчы ушул тушта парзын сакат кылышып, Медина шаарына аттанганы турушат. Айрым зыяратчылар Меккеден түз эле өз мекендерине сапар алышат.

Cауд Арабиянын бийликтери аздектей күткөн Мекке шаарын мойнундагы беш парзынын бирин сакыт кылуу үчүн келген мусулмандар акырындап таштап кетишүүдө. Падышалыктын миграция кызматынын башчысы Абдул Азиз бин Жамил Сажини 28-январда билдиргенге караганда, быйыл ажыга тыш өлкөлөрдөн 1 миллион 390 миңден ашуун мусулман келди. Аларга кошулуп падышалыктын өзүнөн 250 миң адам зиярат кылышты.

Быйылкы чоң жаңылык: ирактык мусулмандардын ыкласы оң келип, узак жылдардан бери биринчи жолу ажыга келиши. Саддам Хусейн ирактыктардын ажыга баруусуна тыйуу салып койгон болчу.

Ажыга келген адамдарды камсыздоо ырааттуу жүрүүсү үчүн Сауд Арабиясы ар бир ислам өлкөсүнө чек коюп койгон. Ага ылайык, 100 мусулмандан бир адамга уруксат бар. Ошон үчүн, быйыл ажы болууну каалаган 200 миң ирактыктын 30 миңи гана Меккеде болууга мүмкүндүк алышты.

Шотландиянын Глазго шаарындагы Исламды изилдөө борборунун директору Мона Сыдыки айымдын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтышынча, Саудия падышалыгы зыяратка келген адамдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн колунан келген бардык чараны көрдү:

- Менин оюмча, зыяратчылардын ажы маалында аткарылчу түрдүү жөрөлгөлөрдүн коопсуз аткаруусу, деги эле зыяратчылар эч кандай кыйынчылыкка учурабас үчүн саудиялыктар бардык аракеттерин жасашты. Бирок, жыл сайын ажыга келген адамдардын саны бир аз чектелмейинче, адамдар тепсендиде кала беришет.

Мона айым жөн жерден кооптонбогон экен. 1-февралда Мина өрөөнүндөгү шайтандын сөлөкөтүн таш бараңга алуу учурунда 250дөн ашуун зыяратчы тепсендиде калды.

Бул биринчи жолу эмес. Былтыр 14 адам, 1990-жылы 1400 зыяратчы тебелендиде калып, каза тапкан.

Кыргызстан мусулмандар диний башкармасынын муфтийинин орун басары, азыр Меккеде сапарда жүргөн Улукман ажынын телефон аркылуу “Азаттык” радиосуна берген интервьюда айтышынча, кыргыз зыяратчылары Мина өрөөнүндө болушуп, үч күн үч жолудан ташкандын сөлөкөттөрүн таш бараң кылгандан башка да Меккеден 20 чакырым алыстагы Арафат тоосуна барып табынышты.

Мусулмандар арасында айтылып жүргөн уламыш кепте Адам ата менен Умай эне бейиштен куулуп чыккандан кийин дал ушул Арафат тоосунда жолугушкан. Арафат -ислам дооруна чейин “Илал тоосу” деп аталып, бутпарастар сыйынчу жай болгон.

Чүй боорундагы Кең Булуң кыштагынын тургуну Өсөр Дооров ажыга быйыл экинчи ирет барды. Ал ажыга алгач 1995-жылы барган. Өсөр ажы ыйык Мекке шаарындагы өзгөрүүлөр жөнүндө мындай дейт:

- Меккеде көп жаңы курулуштар пайда болгонун көрдүм. Андан башка эч кандай деле өзгөрүү жок.

Улукман ажынын айтышынча, Кыргызстандык зияртчылар бир - эки күндүн ичинде Меккеден Мединага жөнөп кетишет. Ажылар Мединада үч күн болушуп, Мухаммед алейсаламдын мечиттерин кыдырып көрүшөт, саганасына барып мунажат кылышат. Ажылык парзын аткарган кыргызстандык зыяратчылар 15-февралда Сауд Арабиясынан Кыргызстанга учушат да, кудай буйруса, 16-февралда эртең менен Бишкектин “Манас” аба майданына барып конушат.

Ак жол зыяратчылар! Жолдошуңуздар кыдыр, жолуңуздар шыдыр болсун!
XS
SM
MD
LG