Президент А. Акаев Кыргызстан эли ассамблеясынын 4-курултайында, ага удаа Кыргыз улуттук консерваториясынын мааракесинде сүйлөгөн сөзүнүн баяндамасын жума күнкү “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо”, “В конце недели” гезиттери жарыялашты. Мамлекет башчы быйылкы социалдык дем-шык берүү жылында ассамблея өзгөчө роль ойной тургандыгын белгилеген.
Орусияда иштеп жүргөн кыргыз атуулдарынын социалдык абалын жеңилдетүү маселеси Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин “тегерек үстөл” жыйынында талкууланганын жума күнкү “Заман Кыргызстан” гезити маалымдады. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кемелбек Нанаевдин айтымында, Орусиянын облустары менен кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл. Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консул Төлөн Турганбевдин айтымында, Орусияда ырасмий каттоодо тургандардын саны 40 миң киши, ал эми катталбай жүргөндөрдү кошсо 200 миң киши болушу мүмкүн. ”Ошолордун ар бири 100 доллардан жибергенде да эң кеминде 10 миллион, жылына 120 миллион нак акча келет. Бирок эң оор проблема – эмгек мигранттарынын каттоодон өтүшү”, - дейт Т. Турганбаев мырза.
Мамлекеттик тил мыйзамынын парламенттик талкуусу тууралуу бейшембидеги “Учкун”, “Агым” гезиттери жазды. “Жаңы мыйзамдын 10-беренесине келгенде туш-туштан жааган суроолордун төөбастысында калган мамкатчы О.Ибраимов «ушуну жумшарталы менен кутулду» деп жазат “Учкун” гезитинде Калыс Чагай. Автордун пикиринде, жаңы мыйзам долбоорундагы 9-10-беренелер болбосо мамлекеттик тил тууралуу атайын мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгы деле жок.
Ушул эле гезитте жарыяланган маегинде депутат Алымбай Султанов өз убагында тилин сыйлабаган элдер жок болуп кеткенин айтат. Журналист Семетей Талас уулу суу энергетикасынын Кыргызстанга алып келчү пайдасы тууралуу кеп кылган. Жылына республика өзү топтогон суунун 25% жакынын гана жумшайт. Калганы Өзбекстан менен Каазакстандын эгин талааларын сугарууга кетет. Түркмөнстан Каракум чөлүнүн түндүгүнө дүйнөдөгү эң ири жасалма көлдү - “Алтын доордун көлү” суу сактагычын куруу максатын көздөп туру. Өзбекстан Сырдарыя нугунда суу сактагыч курушка куштар. Антсе Арал көлү биротоло соолуп, Орто Азия нака экологиялык кырсыкка капталышы мүмкүн.
Жума күнкү “Жаңы ордо” гезитинде Үсөн Сыдыковдун “Президент кыргыз элинин аброюн сактайм десе, өз сөзүндө турушу керек” деген аталыштагы маеги жарыяланды. Анын пикири боюнча, “бүгүн элдин нааразы болгону – мамлекеттин өнүгүүсү алдыга жылбастан, коррупцияга белчесинен малынгандыгы”.
М.Акаеванын “Үмүттүн шооласы үзүлбөйт” китебине токтолуп Ү.Сыдыков момундай пикирин билдирет: “Канайымдын саясатка өлкө жетекчисиндей деңгээлде баа бериши туура эмес. Мындай көрүнүш дүйнө өлкөлөрүнүн башкаруу чөйрөсүндө эч качан кездеше элек. Ар бир адам өз ордун билгени оң. Эгерде мамлекеттин башында турган киши мага ушундай баа берген болсо, ага мен жооп бермекмин. Аял кишиге таарынып андай-мындай деш менин деңгээлиме туура келбейт”.
Жума күнкү “Агым” гезитинде саясий ачкалыкта жатып мындан эки жыл илгери о дүйнө салган Шераалы Назаркуловду эскерүүлөр жарыяланды. “Шералы Назаркулов коомдук деңгээлдеги көйгөйдү көтөрүп, “Менин өлүмүм, менин трагедиям менен элдин үнү, элдин зары бийликке жетеби?” деп ушул кырсыкка учурады”, дейт Кыргыз эл депутаты Өмүрбек Текебаев.
Кыргызстандын президенти үчүн запаста турчу учак Новосибирскинин асманында ушул жылдын 21-январында бузулганын жума күнкү “Вечерний Бишкек” гезити кабарлады. Гезиттин ырасташынча, “Кыргызстан аба жолдору” жылдан-жылга баштагы позициясын жоготуп оор абалга кириптер болууда. Жадесе мамлекет башчы үчүн жарамдуу учактын табылышы кыйын.