Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

ӨКМӨТТҮН ЖАҢЫ СТРУКТУРАСЫН ЖАКТАГАНДАР ДА, ЖАКТАБАГАНДАР ДА БАР


6-февралда президенттин сунушу менен Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны «Өкмөттүн структурасы жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык Экономикалык өнүгүү, соода жана өнөр жай министрлиги түзүлмөк болду. Жаңы министрлик Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин базасында түзүлүп, ага Каржы министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин бир катар функциялары, ошондой эле Монополияга каршы комиссия толугу менен кирмек болду.

Өлкөдөгү көпчүлүк саясатчылар экономиканы тейлеген өзүнчө министрликтин түзүлүшүн туура кадам деп баалашууда. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары да бул кадамды негизинен колдоп чыгышты. Бирок Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Монополияга каршы комиссиянын жаңы министрликтин курамына киришин туура эмес деп баалашты. Маселен, Экономика министрлигин түзүүнү колдогон Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров буларга токтолду:

- Монополияга каршы комиссияны бир министрликке берип койгону туура эмес болуп калды. Ал комиссия мамлекеттик масштабда монополияга каршы турган орган катары президентке, же Жогорку Кеңешке баш ийген орган болуш керек. Монополияга каршы комиссия өкмөт курамында өзүнчө структура катары турганда да натыйжалуу иш жүргүзө алган эмес, эми ал абал ого бетер начарлайт.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатынын оюна үндөш пикирди «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев да айтты:

- Монополияга каршы комиссия өзүнчө, көз карандысыз орган болуш керек. Анткени, ага берилген милдеттер, максаттар абдан жогору мааниге ээ. Андан сырткары, маданий баалуулуктар өтө керектүү. Ошондуктан маданият министрлигин түзүү керек эле. Маданиятыбызды деңгээли абдан төмөндөп кетти. Идиректүү жаштарыбызды, маданият ишмерлерибизди колдогон мекеме жок болуп жатат.

Монополияга каршы комиссиянын министрликке киришине Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарынын тынчызданганына президент Аскар Акаев минтип жооп берди:

- Монополияга каршы комиссия боюнча тынчызданбасаңыздар болот. Себеби бул комиссия ушул министрликтин көңүлүнүн борборунда болот. Бир-эки жыл иштесин - жыйынтыгын көрөбүз. Эгерде ката кеткен болсо, кийин оңдоп койгонго мүмкүнчүлүк болот.

Мамлекет башчысынын айтымында, кезинде экономикалык министрликти каржы министрлигине кошуу туура эмес болгон. «Натыйжада өлкө экономикасын жоготуп алдык» дейт президент:

- Каржы министрлиги бюджет, күнүмдүк каржы иштери менен алек болуп, экономика жагына көңүл бура албай калды. Ошентип биз экономикабызды жоготуп койдук. Жаңыдан түзүлө турган экономика министрлиги Орусия, Казакстан тажрыйбасындай өндүрүштү өстүрүүгө салым кошууга тийиш.

Өкмөт структурасындагы мындай өзгөрүүлөр оң натыйжага алып келеби? Мындай суроо менен оппозициялык маанайдагы «Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кайрылганыбызда ал “өкмөттөгү мындай өзгөрүүлөр эч кандай жыйынтык алып келбейт” деген оюн билдирди. Анын ою боюнча, президентте жана өкмөттө улуттук экономиканы өнүктүрүү боюнча ачык-айкын программа жок. Андай программа болгон күндө да аны турмушка ашырууга каалоосу жана күчтүү эрки болбогондон кийин мамлекет турмушуна өзгөртүү киргизиш кыйын.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG