Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Москвада Россиянын жана Азербайжандын президенттеринин сүйлөшүүлөрү өттү


МОСКВА. Бүгүн Москвада Россиянын жана Азербайжандын президенттери жолугушту. Владимир Путин жана Илхам Алиев Армения менен Азербайжандын Тоолуу Карабак боюнча жаңжалын жөнгө салуунун жолдорун талкуулашты. Тараптар, ошондой эле, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык алакаларды өөрчүтүү маселесин талкуулашты. Азери президентинин Москвага жасап жаткан үч күндүк визитинин жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өөрчүтүүгө багытталган бир катар келишимдерге кол койулушу күтүлөт. Бүгүн Алиев, ошондой эле, Россиянын коргоо министри Сергей Иванов менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик жана аскерий-техникалык кызматташтык маселелерин талкуулашат.

XS
SM
MD
LG