Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

“ФОРМУЛА-1” БАТЫШТАН ЧЫГЫШКА КӨЧӨБҮ?


Формула-1 деп аталган айтылуу автожарыш быйыл апрель айында Бахрейнде өткөрүлгөн жатат. Дүйнөлүк мелдештердин эң кумарлуусу жана кымбаты катары эсептелген бул оюндун мекени - Европа. Бирок соңку жылдары ал Азия өлкөлөрүнө да өтө баштады. Мунун себептери эмнеде?

Формула 1 автожарышынын түпкү жайы Европа болгондуктан, анын чемпиондору да европалыктар. Жыйырманчы жылдардын атактуу автоспортчусу Тазио Нуволари, элүүнчү жылдардагы Хуан Мануэль Фангио жана учурдагы Михаэль Шумахер өзүлөрүнүн чемпиондук наамдарына Европадагы мелдештерде ээ болуп келди. Акыркы жылдары эле немец Михаэль Шумахер чемпиондукту алты ирээт жеңип алды.

Бирок эми мындай жагдай өзгөрчүдөй. Британиянын же Италиянын Баш байгеси өңдүү салттуу мелдештер сакталып жатканы менен Формула-1 оюну учурда Чыгышты көздөй да жылууда. Маселен буга чейин автожарыштарды өзүнүн Баш байгеси өзүн бир сыйрадан Малазия, Кытай өткөрдү. Бул тизмеге келерки жылы Түркия, Индия, Түштүк Корея кошулаары күтүлүүдө. Ал эми быйыл 4–апрелде Бахрейндин Баш байгеси үчүн мелдеш болот. Аны көрүү үчүн сырттан эле 70 миңдей адам келээри болжолдонуп жатат. Бахрейн бийликтери жарыш жүрүүчү жолдун курулушуна 150 миллион доллар сарпташты.

Адистердин айтымында, автожарыштын Батыштан Чыгышка карай жылып жатышынын түрдүү себептери бар.

Формула-1 мелдешин башкарган уюм, Парижде жайгашкан Автоспорт Федерациясы муну Европада турмуш–тиричиликти жөнгө салган эрежелер ашыкча болуп кеткенинен көрөт. Аталган Федерациянын президенти Макс Мослинин билдиргенине караганда, маселен тамекини рекламалоого тыюу салууну караган жаңы эреже жагдайды кыйындатууда.

Айткандай эле, тамеки компаниялары Формула-1дин мелдештерине катышып жүргөн он топтун бешөөсүнүн негизги демөөрчүсү. Он командасынын жетөөсү Британияда, калган үчөө Германия, Италия, Швейцарияда жайгашкан. Алсак "Феррари" деп аталган командага бир эле "Мальборо" компаниясы жылына 80 миллион евро жардам көргөзчү экен. Формула 1 өз кезегинде тамеки компаниялары үчүн жөн гана спорт болбостон, алар өз каражатын ишенимдүү инвестициялаган чөйрөгө айланган.

Британиядагы "Ягуар" деп аталган команданын өкүлү Нев Сидху алар тамекини рекламалоодон кезинде баш тартканын туура деп эсептейт:

- Автомобиль чыгаруучу "Форд" компаниясы, менимче, 1999-жылы анын Формула 1 программасы тамекиден демөөрчүлүк алышына жол бербөө жөнүндө түшүнүктүү жана эстүү чечим кабыл алган. "Ягуардан" башка да тамекиден кол үзүү боюнча мындан бир нече жыл илгээри туура чечимге келген командалар бар. Себеби алар айланада эмне жакындап келе жатканын билишкен.

Формула 1дин Британиядагы командаларынын экинчи бири – БАР экономикалык кыйынчылыктардан улам Жапонияга кетиши мүмкүн экенин билдирди. Аталган команданын спортчулары жарыштарга жапондордун "Хонда" тибиндеги машиналары менен катышып жүрүшөт. Автоспорт федерациясынын президенти Макс Мослинин пикиринде, бул - келечекте Формула-1 толугу менен Европадан башка жайды табаарынын белгиси болушу мүмкүн. Британиялык аналитик Марк Бурсанын айтымында, балким Европадан кетүү жеңилдир, бирок Формула-1 кириптер болуп жаткан кырдаал чынында мындан татаал:

- Эгер сиз чын эле баарын жылдырсаңыз, салтуу күйөрмандарды алыстатасыз, популярдуулукту жогото баштайсыз. Формула-1 эфирдеги убакыт үчүн спорттун калган түрлөрүнүн баары менен атаадашууда. Эгер Формула 1 барган сайын телекөрсөтүүдөн гана берилип, Кытайдын, Малайзиянын, Бахрейндин же башкалардын Баш байгелерине гана чыга баштаса, ал европалыктар катыша албаган спортко айланат.

Анткен менен Формула-1дин жаңы жайларды табышы, эл аралык мелдештердин көбөйүшү терс гана эмес, башка бир катар оң көрүнүштөрдү да жаратат дегендер да бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG