Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

МОСКВАНЫН МЕТРОСУНДА БОЛГОН ЖАРДЫРУУНУН КЕСЕПЕТИ. В.ПУТИН ОРУСИЯНЫ ДАГЫ 7 ЖЫЛГА БАШКАРАБЫ?


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Москванын метросунда жума күнү болгон жардырууну орусиялык басма сөз каражаттары акыркы жылдардын эң ири теракттарынын бири катарында таанышты. Эларалык терроризм, чечен проблемасы, аны менен байланыштуу Орусия бүтүмдүгүнө тиешелүү маселелер кайрадан көтөрүлө баштагандай.

«Ишемби күнгө карата, Москванын метросунда жума күнү болгон жардыруудан 39адам каза таап, 134тү жаракат алды», - деп кабарлашты Орусиядагы бир катар электрондук маалымат каражаттары.

Жардыруунун эртеси жумурияттын күч структуралары үчүн жеңил-желпи башталган жок. «Газета» басылмасы бул тууралуу жарыялаган макаласында: «Акыркы эки-үч жыл аралыгында жалпы өлкөдө болгон жардырууларды эсепке албаганда да, бир эле Москванын өзүндө болгон теракттардан Федералдык Коопсуздук кызматы менен Ички Иштер министрлиги эч кандай жыйынтык чыгарышпаганы дайын» деп айтылат.

«Теракттар биринин артынан бири уланып жатат. Ал эми террористтер кайсыл тараптан, ким аркылуу өлкөгө кирип, кайсыл жерди жардырууга камынып жатышкандыгы жогоруда аталган кызматтар үчүн такыр эле дайынсыз. Дайын болгон күндө деле алар бири-бири менен маалымат алмашып, тыгыз кызматташууну, оор абалдан биргеликте жол таап чыгууну каалашпайт», деп санайт макала автору Василий Шишкин.

Журналист орусиялык күч структураларынын өз милдеттерине карата ыргылжың мамилесин аларда өтө эле өркүндөп кеткен паракордук жана катардагы кызматкерлердин айлык акыларынын төмөндүгү менен түшүндүрөт.

«Коммерсант» гезитинин кабарлашынча, Орусия тарыхында метродо жалпысынан жети жолу жардыруу болуп, алардын бешөөсү Москвадагы, ал эми экөөсү Санкт-Петербург шаарындагы метрого туш келген. Бирок баарынан да метродогу эң ири теракт катарында «Павелецкая» станциясындагы жардыруу айтылды.

Жардыруу болгон күнү мамлекет башчы Владимир Путин азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев менен жолугушкан. «Анда Путин теракт тууралуу сүйлөп, айрым эларалык коомчулук өкүлдөрү Орусияны чечен сепаратисттеринин лидери Аслан Масхадов менен сүйлөшүүгө үндөп жаткандыгы тууралуу айтты», - деп жазат «Московские новости» . Бирок Путин бул сунушту чечкиндүү түрдө четке какты.

В.Путин:

- Террористтер менен кандай гана сүйлөшүү болбосун, ал жаңы теракттарды уюштурууга жол ачат. Орусия эч качан террорчулар менен сүйлөшүүгө барган эмес жана барбайт. Орусия аларды жок кылат.

Анткен менен метродогу теракт боюнча эч ким жоопкерчиликти мойнуна ала элек.

Аптанын дагы бир маанилүү окуясы катарында орусиялык гезит-журналдар Иванов областынын депутаттары тарабынан «Орусия президентинин кызмат мөөнөтүн 4 жылдан 7 жылга чейин узартуу тууралуу» берилген сунушун карашты.

«Независимая газетанын» жазышынча, окуя кудум алдын-ала даярдалып койгон сценарий боюнча аткарылып жаткандыгында эч кандай шек деле калган жок. Орусиянын Баш мыйзамында «Президенттин кызмат мөөнөтү ал шайланган күндөн тарта төрт жылга чейин созулат» деп жазылган.

«Коммерсанттын» жазышынча, эми ушул жылдын 14-мартына чейин Мамдума ивановдук кесиптештери сунуш кылышкан мыйзам долбоорун кабыл алса, анда шайлоодо баары бир жеңишти колго ала турган Владимир Путин 2011-жылга чейин мамлекетти бийлеп калмакчы.

Анткен менен В.Путин өзү Конституцияны өзгөртүүгө жол бербей тургандыгын бир канча жолу айткандыгы белгилүү. Бирок, «Время новостей» гезитинин маалыматына ылайык, эгерде бул мыйзамды региондордун мыйзам чыгаруу жыйынынын үчтөн эки бөлүгү колдосо, анда В.Путин аны кабыл алууга мажбур болот экен.

«Демек, Орусия Шериктеш мамлекеттер боюнча Баш мыйзамды өзгөртүүдө тажрыйбага бай жумурияттардан сабак алып жаткандыгы тастыкталды», - деп жазат журналист Владимир Шпак.
XS
SM
MD
LG