Түркиянын Коня шаарында бир көп кабаттуу үй дүйшөмбү күнү урап түшкөндөн өлгөндөрдүн саны алтымыш экиге жетти. Беш күндүн ичинде урандылар алдынан 31 адам тирүү алып чыгылды. Үйдү тургузган эки курулуш компаниясына каршы күнөө коюлуп, тергөө иштери башталды.