Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:45

КИПР БОЛОЧОГУ. ТҮРКИЯ ЖАНА ЕВРОБИРИМДИК. МАСКӨӨДӨГҮ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ...


Ушул аптада түркийалык жана батыштык басылмаларда, БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын Кипр жаңжалын чечүүгө багытталган демилгеси, Мүнхендеги 40-Коопсуздук конференсийасы, Түркийанын Конйа шаарында 11 кабаттуу бир имараттын капыстан урап, ондогон адамдардын жапа тартуусу негизги талкууну жаратты.

БУУнун башкатчысы Кофи Аннан Кипр аралындагы түрк жана грек жамааттарынын жетекчилерин токтолуп калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра башташ үчүн Нью-Йорк калаасына чакырды. Кипрдеги араздашкан эки жамааттын лидерлери түрк Рауф Денкташ менен грек Тасос Пападопулос Жекшемби күнү Нью-Йоркту карай сапарга аттанышты. Кофи Аннан эки тарапка жиберген катында аралдагы жаңжалды май айына чейин жөнгө салууну максат кылган, ошондой эле БУУнун ортомчулугу аркылуу өткөрүлүүчү сүйлөшүүлөр үчүн өзүнүн катуу талаптарын койгон. Бул тууралуу Түркийада чыгуучу бардык кадыр-барктуу басылмалар кең-кесири жазышып, айрым гезиттерде Кофи Аннандын арал бойунча планы түрк тарапты сызга олтургузуп, аралды биротоло гректерге берүүнү көздөйт деген шектүү көз караш билдирсе, айрым гезиттер Түркийанын Евробиримдикке мүчө болуусу үчүн Кипр жаңжалын биротоло чечиш керек; ал үчүн Аннандын планынын негизинде сүйлөшүүлөргө барыш турмуштук мааниге ээ деген пикир чагылдырууда. (Радикал, Хүррийет)

Бул тууралуу “Радикал” гезитинде жазган Гүндүз Актан, адам баласы өңдүү мамлекеттердин деле бешенесине жазылган тагдыры болорун, ошондой эле бул тагдырды өлкөнүн жетекчилериби, кокустанбы, же Кудайбы, кимиси тандаганын эч ким биле албастыгын белгилейт да, “учурда Кипрдин тагдыры чечилгени атат, бирок кандай чечилерин кудай гана билет” дейт. Үмит Актандын пикиринде, аралдагы проблеманы БУУнун башкатчысынын жоболору аркылуу адилеттүү чечүү мүмкүн эмес. Анткени, деп көрсөтөт автор, “грек тараптын чүкөсү ар дайым алчы түшөт, себеби алар, демек, кипрдик гректер, жаңжал чечилеби же жокпу, баары бир май айында Евробиримдикке толук мүчө болушат. Ошондуктан, аларды эпке көнүүгө же жеңилдиктерге барууга кыстай турган эч кандай маселе жок. Ал еми түрк тарапты болсо “келишимге мойун сунгула, антпесе Түркийаны да, силерди да Евробиримдикке албай койобуз” деп коркутушаары даана белгилүү. Мындайча шартта адилеттүү чечим боло албайт. Ошондуктан Евробиримдик Түркийага мүчө болуу сүйлөшүүлөрүнүн датасын тез арада тактап берүүсү талап кылынат”, - деп корутундулайт макаласын Гүндүз Актан. (Радикал)

Алманийанын тышкы иштер министри Йошка Фишердин Мүнхен шаарындагы эларалык коопсуздук конференсийасында Түркийанын Евробиримдикке мүчө болуусунун келечеги тууралуу айткан сөздөрү да Түркийанын басылмалардан кеңири орун тапты. Гезиттерде кабарлануусуна ылайык, Й. Фишер чыгып сүйлөгөндө, Түркийанын Европага кошулуусу Жакынкы Чыгыштын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүн билдирген. Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын өнүктүрүүнүн 3 баштапкы стратегийалык багыты жөнүндө айтып, Фишер алардын бири Түркийанын Европага байлануусу, экинчиси - Иранды эларалык системага кайра интеграцийалоо жана үчүнчүсү - Палестина-Израил проблемасын чечүү экенин байандаган. АКШнын Аризона штатынын сенатору Жон Маккейн дагы конференцийада сөз алып, “Түркийанын Евробиримдикке кошулуусу Биримдикти алсыздаштырыш нары турсун, аны ого бетер күчтөндүрөт”, - деген пикирин айткан. (All Papers)

Российанын коргоо министри Сергей Ивановдун: “Түркийанын жана айрым европалык мамлекеттердин атуулдары Чечен террористтерге арка-жөлөк болуп жатат”, - деп 40-Мүнхен Коопсуздук Конференцийасында айткан сөздөрү да түркийалык басылмаларды кайдигер калтырбады. Гезиттердин жазганына караганда, Иванов конференцийа учурунда чыгып сүйлөп: “Кармалган же атылып өлтүрүлгөндөрдүн арасынан бул өлкөлөрдүн атуулдарын жолуктуруп, алардын ким экенин өлкөлөрүнө билдирип жатабыз”, - деген. Гезиттерде, ошондой эле, ушул жумада Москвада 39 кишинин өлүмүнө жана 112 кишинин жарадар болуусуна алып барган террордук жардыруу жөнүндө да кеңири кабарланды. (Хүррийет, Заман, Миллийет)

“Заман” гезитинин жекшемби күнкү санында кабарлануусуна ылайык, мурдагүнү Москва метросунда ишке ашырылган террордук жардыруудан улам каза болгондор үчүн жалпы Российа бойунча бир күндүк аза күтүү жарыйаланган. Каза болгон 39 кишинин арасынан ким экени аныкталган 5 кишинин сөөгү дүйшөмбү күнү жерге койулат. (Заман)

“Радикал” гезитинин жазганына караганда, Түркийанын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Москва метросундагы террордук чабуулду кескин түрдө айыптап: “Бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйган бул өңдүү чабуулдарды эч качан актоого болбойт” – деп билдирген. АКШнын президенти Жорж Буш жана европалык жетекчилер дагы В.Путинге телефон чалып, көңүл айтышкан. (Радикал 070204)

Түркийанын бардык улуттук гезиттери, ушул өткөн жумада Конйа шаарында болгон бөөдө кырсык тууралуу күн сайын биринчи беттен кабар берип турушту. 11 кабаттуу бир имараттын кокустан урап, жер менен тегиз болуп кыйроосунун натыйжасында өлгөндөрдүн саны күн сайын артып баратат. 38 квартиралуу имараттын урандыларынын астынан алынып чыккан денелердин саны 62ге жетти жана урандылардын астында али ондогон адамдар бар экени болжолдонууда. Кырсыктын себептери учурда иликтелип жатат; аны курган же курулушуна уруксат берип кол койгон эки киши кармалып, алардын үстүнөн тергөө иши башталды. (Заман, Хүррийет, Радикал)
XS
SM
MD
LG