Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

БОСТОНДУ “БАГЫНДЫРГАН” РЫСБЕК МЕНЕН НУРЛАНБЕК


Ушул күндөрү Кыргызстандан эки өнөрпоз Кошмо Штаттарында жүрөт. Манасчы Рысбек Жумабаев менен аткаруучу, композитор Нурланбек Нышанов АКШнын университеттик борбору болгон Бостон шаарында Борбор Азияга арналган музыкалык кечелерге катышып, ар кыл өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен биргелешкен долбоорлордун үстүнөн иштеп жатышкан кези.

Көл кылаасындагы айылдардын биринин сыртында бутактары айоосуз кескиленип, буту-колу жок майыптай мултуйган даракты көрсөңүз, ал Рысбектин дарагы экенин биле жүрүңүз. Бир ирет ошол дарактын түбүндө отуруп, Рысбектин көзү илинип кетет. Түшүндө Манас баатырдан аян болуп, ошондон тартып дастанчылык өнөрү ачылган. Жылыга ошол дарактын түбүнө мал союп, бата окучу. Бир ирет келсе, дарактын бир кулачтай гана сөңгөгү калыптыр. Көрсө, айлындагы молдолор даракка сыйынган динге каршы келет деп, бакты балталап салышыптыр.

Дарак барчаланганы менен, анын бир кездеги дүпүйгөн көлөкөсүндө жаралган Рысбектин дастанчылык өнөрү бутактап, өркүндөдү. Буга өткөн аптада АКШнын Бостон шаарынын тургундары өздөрү ынанышты. Бул күнү Пибоди музейинде Рысбек Жумалиев манас айтып, кыргыздын дагы бир шайыры Нурланбек Нышанов темир комуз чалып, чоор тартты.

Өткөн кылымдын 20-жылдарында Батыш Кытай, Синцзянда тартылган сүрөттөрдүн каршысында экөө бир саат концерт коюшту. Концерттин уюштуруучуларынын бири, музыка таануучу Теодор Левиндин бизге жазган катында айтылгандай, концерт чоң ийгилик менен өттү. Ушундан соң Рысбек менен Нурланбек «Жибек Жол» ансамбли менен чогуу ойношту. Көп улуттуу топтун музыкасы жаңырганда, сахнанын төрүндө орнотулган зор экранда императордун Кытайдын түштүгүнө барганын чагылдырган, кытай жазмаларында сакталып калган сүрөттөр көрсөтүлүп жатты. Кол жазманын айрым саптары англис тилинде окулса, айрымдарын «Жибек Жол» ансамблинин мүчөсү, кытайлык аспапчы Ву Ман окуп берди. "Мультимедия же видео-аудио эффектер менен коюлган концерт көрүүчүлөргө чоң таасир калдырды" дейт илимпоз.

Рысбек менен Нурланбек - курамы улам өзгөрүп турган «Жибек Жол» ансаблинин жаңы мүчөлөрү. Байыркы соода жолунун боюнда жайгашкан элдерден топтолгон артисттер Бостондогу арт-резиденцияда чогуу жашап, чогуу тамактанып, күндө репетиция өткөрүп жатышат. Нурланбек Нышанов ансамблин түзүүчүсү, дүйнөгө таанымал музыкант Йо Йо Ма менен бирге жаңы күү чыгаруу менен алек. Эгер бул максат ойдогудай ишке ашып, мыкты чыгармалар жаралса, кыргыз шайырлары катышкан топ жаңы репертуар менен дүйнөлүк турнеге чыгат.

Нурланбек Нышанов – Ордо сахна ансаблинин түзүүчүсү, аткаруучу, бир катар документалдык фильмдердин музыкалык жасалгалоочусу жана күүчү катары төбөсү көрүнүп калган шайырлардын бири. Анын "Ордо сахна" Берлиндин Дүйнө Маданияттарынын үйүндө, Вашингтондогу Жибек Жол Фестивалында, Францияда, "Тянь-Шан Экспресс" ансамблинин катарында Швейцарияда, Монголияда жана башка көптөгөн жерлерде болду. Нурланбек өзү өткөн жылдын этегинде Кенияда Ага Хан фондунун таланттуу өспүрүмдөр үчүн мектебинин ачылышында концерт койду. Азыр Ирандагы Француз институту аны Исламдык Төңкөрүштүн 25 жылдыгына арналган салтанаттарга чакыруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Берлиндеги Маданият үйүндө 2002-жылдын апрелинде анын тобу Борбор Азия сүрөткерлеринин көргөзмөсүндө концерт койгондо, сиздин кабарчы да залда отурган...
XS
SM
MD
LG