Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫ «ДЕБИТОРДУК КАРЫЗ» КРИЗИСИНЕН ЧЫГА ЭЛЕК


Кыргызстандын аймагында ушул жылдын апрель айынан баштап электр кубаты үчүн бирдиктүү төлөм системасы киргизилет. Ал эми акы төлөбөгөн жеке адамдарга жана юридикалык тараптарга электр кубатын өчүрүү ыкмасы мындан ары дагы кеңири колдонулмакчы. Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы шейшемби күнкү кезектеги отурумунда электр кубаты тармагынын 2003-жылдагы абалын талкуулап, ушундай бүтүмгө келди.

Энергетика маселеси Коопсуздук кеңешинде өткөн октябрда президент Аскар Акаевдин жетекчилигинде талкууланып, анда карыздарды кайтаруу башкы маселе катары аталган. Энергетиканын өткөн жылкы абалын талкуулаган бул отурум деле элдин карызына басым жасады. Отурумду Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов жетектеди.

Энергетика коопсуздугу боюнча президенттин атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиевдин билдиришинче, өткөн аралыкта дебитордук карыздарга байланыштуу өтө олуттуу өзгөрүү болгон жок. Дебитордук карыздар негизинен 1 миллиард 100 миллион сом өлчөмүндөгү эски карыздарды чыгашага чегерүүнүн эсебинен азайтылды.

- Карыздарды чыгашага чегерүү бөлүштүрүүчү ишканалар аркылуу бир тараптуу ишке ашты. Коопсуздук кеңешинде дебитордук карызды азайтуу каралгандыктан, жергиликтүү бийлик органдары аларды макулдатышса керек. Бюджеттин да, станциялардын да буга тиешеси жок. 1млрд 100млнго чамалаш сомду жергиликтүүбү, республикалыкпы, айтор, бир дагы бюджет чыгыштоого булак болуп бере албайт. …Карыздарды жоюу менен алагды болуу бөлүштүрүүчү компанияларды банкротко алып келиши ыктымал.

Жантөрө Сатыбалдиевдин пикирине караганда, дебитордук карыздарды чыгашага чегерүү тармактын финансылык жагдайын оңдоого жардам бере албайт. Ошондуктан, кризистен төлөө жолу менен гана чыгуу керек. Бул электр кубатын бекер пайдаланып көнгөн элдин тарбияланышын да шарттайт дейт Жантөрө Сатыбалдиев:

- Президент берген укуктан пайдаланып, биз өчүрүүгө кириштик. Ысыккөл боюнча өчүрүүгө уруксат бердим. Кимдики 500 миң киловатт-сааттан ашса, аныкы өчүрүлөт, биз эскерттик. Түштүк боюнча да бардыгына эскерттим. Элди төлөөгө тарбиялоонун башка жолу жок.

Депутат Жаныш Рустембеков элдин карызын электр кубатын өчүрүү жолу менен өндүрүү ыкмасын кубаттаган жок:

- Бизде калктын 80 пайызы жарды. Ошон үчүн 80 пайыз төлөбөй атат. Айлык жок, пенсияларды өз убагында алышпайт. Ошондуктан, өчүрүүнү эле ойлобошубуз керек. Биз минтсек, аймакта дестабилдешүү пайда болушу ыктымал. Канткен менен бул биздин эл. Электр кубатын биз америкалыктарга же ирандыктарга берген жерибиз жок.

Ж. Рустембеков абалдан чыгууну тарифтерди өзгөртүүдөн көрөт. Социалдык маселелер боюнча жаңы вице-премьер министр, мурдагы энергетика боюнча агенттигинин директору Уларбек Матеевдин айтымында, өлкөдө апрель айында бирдиктүү тарифтик система киргизилет:

- Жалпы калк үчүн апрелден тарта бирдиктүү тариф киргизилет. Эл 150 эле киловатт саат үчүн эмес, пайдаланышынча төлөйт.

Бирдиктүү тарифке байланыштуу калкты социалдык жактан коргоо максатындагы компенсация үчүн өкмөт 63 млн сом бөлмөй болду. Өкмөт өкүлүнүн ишендиргенине караганда, тарифтик баа жогорулабайт. Ал эми бирдиктүү тариф системасы электр кубатын кыянаттык менен пайдалангандардын мыйзамсыз аракеттерин чектөө максатында киргизилип жатат. Энергетиканы социалдык дагы, саясий дагы тармак катары баалаган Уларбек Матеев катчылыктын отурумунда депутаттарды биргелешип иштөөгө чакырды:

- Мен муну эмне үчүн суранып атам, анткени, жакында шайлоо болот. Мен эмитен эле көрүп турам, депутаттар негизинен апрелге чейин энергетика тармагын, андан кийин айдап-себүүнү, дагы башка жагдайды көрсөтүү аракетин кылышат. Менимче, коомчулукту бөлүп-жаруу эмес, бириктирүү багытында иштешибиз керек. Албетте, карама-каршылыктар толуп жатат, бирок, коомчулук биздин пикир келишпестиктерибиз менен жашабаш керек да.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында, ошондой эле, энергетика тармагына байланышкан мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы жөнүндө белгиленди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG