Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

БҮГҮН БОРБОР АЗИЯДАГЫ CУУ-ЭНЕРГЕТИКА МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНМАКЧЫ


Бүгүн Бишкекте Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкмөт башчыларынын орун басарларынын жыйыны өтөт. Анда аймактагы суу-энергетика проблемалары талкууланат.

Казакстандын Шардарыя суу сактагычында түзүлгөн коркунучтуу кырдаал кийинки жылдарда ымалага келе албай жүргөн үч республиканы ийге келтирди шекилдүү. Жагдайдын кыйындыгынан жыл башында Казакстан кошуна республикалардын өкмөт башчыларынын орунбасарларын чакырып, 4-январда Чымкентте шашылыш жыйын өткөргөн. Ошондон кийин Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан койо берилчү сууну азайтып, электр энергияны иштеп чыгууну бир кыйла азайткан. Анын акысына Казакстан Кыргызстанга керектүү мазут, көмүр жөнөтүп туруу милдетин алган.

Жаз жакындап калды. Оондон улам Бишкек жыйынында непаадам жазында суу ташкыны башталып калган учурда кандай айла кылаарды жана жай айларында Кыргызстандын электр энергиясын сатып алуунун шарттары, биргелешип аткарчу иштер кенен талкууланмакчы. Кыргызстандын вице-премьер-министри Базарбай Мамбетовдун айтымында:

-Мына эми жазында суу ташкыны башталат. Ошого каршы кандай биргелешкен аракеттерди жасай алабыз? Быйыл суу көп. Аны биздин суу сактагычтар токтото алабы? Кандай режимде иштешибиз керек? Ушул маселелерди талкуулап, жасала турган иш-чараларды аныктайбыз.

Айтор, бир ымалага келе албай жүргөн төрт республиканын жетекчилигин экологиялык кырдаал бир үстөлгө отургузганы калды.

XS
SM
MD
LG