Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

“СЫБЫЗГЫ”: КЫРГЫЗ ӨНӨРПОЗДОРУНУН АМЕРИКА САПАРЫ КАРЫДЫ


Өткөн жумада Нурланбек менен Рысбек Америка сапарынан ата-журтуна кайтып келишти. Эки шайыр Бостондогу эки жумалык арт-резиденция программасына катышып, америкалыктарга кыргыз элинин музыкалык чыгармачылыгы, анын ичинде дастанчылык өнөрүн таанытышты.

Өнөрпоздор көр-тирлик менен илээшип жүрсө да, ыпластыктан өзүн алыс ой-туюмун пакиза, туткан башкача адамдар болушат эмеспи. Бирок муну баарыбыз эле түшүнө бербейбиз, артисттер өздөрү да жүр-нары мамилеге көнүп калышкан. Бирок Батышта өнөр адамдарына таптакыр башка карашат. Фестивалга чакырышса, 4-5 жылдыздуу мейманкаларга жайгаштырып, концерт жайына барып-келгенге атайын машина бөлүшөт, таанымал финансисттер, атагы таш жарган маэстролор аларды сый тамакка чакырып, сөзүнө кунт коюп кулак төшөшөт.

Чоор менен темир комуздун чебери Нурланбек Нышанов менен манасчы Рысбек Жумабаевдин 2004-жылдын алгачкы айындагы Америка сапары да жаман болгон жок. Эки аптага созулган арт-резиденция Бостондун жанындагы маданият очогу болгон Пибоди музейинде өттү. Кыргыз, монгол, кытай жана башка элдерден чогулган шайырлар коноктор менен баарлашып, ырдап, бийлеп, билген өнөрүн көрсөтүштү. Нурланбек күү чыгарып, дүйнөгө таанымал виоленчелист Йо-Йо-Манын "Жибек жол" ансамблинин башка мүчөлөрү менен репетиция өткөрдү. Ансамблдын репертуарына кирип калса, кезеги келгенде бул күүлөрдү төгөрөктүн төрт бурчунда түркүн элдер укмакчы. Кийин кыргыз артисттери Нью-Хемпшир штатындагы көркөм өнөр факультети менен таанымал Дартмаус коллежинде студенттер менен семинар өткөрүштү. Ага Хан Маданият кору каржылаган сапарынын соңунда өнөрпоздор кордун жетекчилери жана маэстро Йо-Йо Ма менен сыйлуу тамак ичип, жума күнү Бостондон учак менен Бишкекти көздөй жол тартышты.
XS
SM
MD
LG