Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

Парламенттик угуу «Кумтөргө» байланышкан өкмөттүн токтомун мыйзамсыз деп белгиледи


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын өткөн жылдын 20-июнунда кабыл алган «Камеко корпорейшн» ишканасынын сунушуна ылайык «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо жөнүндөгү» токтомун Кыргыз өкмөтү бузду. Ошондуктан, бул маселени парламент өз отурумунда талкуулашы керек. Мындай тыянакка бүгүн Жогорку Кеңештин курулуш жана жер байлыктары, бюджет жана финансы, мамлекеттик коопсуздук комитеттери уюштурган парламенттик угуунун катышуучулары келишти. Парламенттик угуу ошондой эле өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомун жокко чыгарууну Кыргыз өкмөтүнө, ага күнөөлүүлөрдү териштирүүнү Башкы прокуратурага сунуштады. «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо жана Кыргыз өкмөтү, «Центерра Голд Инк» жана «Кумтөр Голд Компани» ортосундагы инвестициялык макулдашууларды жана бул макулдашууга байланышкан башка документтерди жоюу тууралуу» токтомго кол койгондугун премьер министр Николай Танаев шейшембидеги маалымат жыйынында расмий жарыялаган. Танаевдин айтымында макулдашууга ылайык кыргыз тарап кайра түзүлгөн ишкананын акциясынын үчтөн бир бөлүгүнө ээ болот.
Ал эми депутат Орозбек Дүйшеевдин парламенттик угууда билдиришинче, Дүйнөлүк Банк өкмөттүн мындай кадамын тобокелчиликке баруу катары баалоодо.

XS
SM
MD
LG