Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

КАДРДЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР, КАРЫЗЫН ДООЛАГАН ОРУСИЯ, ЧОҢ САЯСАТТА КАЛААРЫН БИЛДИРГЕН ЭРКЕБАЕВ


Шаршембиде кыргызстандык окурмандар “Дело№”, “Вечерний Бишкек”, ”Адабий гезит”, жана “Аргументы и факты - Кыргызстан” басылмалары менен тааныша алышты. Бул жолу “Дело №” гезити да өлкөдөгү кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу кенен жазды. Салык кодексинин жаңы редаrциясын иштеп жаткан топтун мүчөсү, Жогорку Кеңештин Vыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров кабарчынын суроолоруна жооп берди. «Аргументы и факты - Кыргызстан» жумалыгы Орусия Кыргызстандагы аскердик өнөр жайдын көбүн карызы үчүн алышаарын билдирди.

Шаршембиде жарык көргөн “Дело№” гезити келээрки жылы болчу шайлоого карата президент Аскар Акаев кадрдык өзгөрүүлөрдү жасап, бийлигин чыңдап жатат деп жазды.

Гезит президенттин чиновниктердин санын кыскартууга, 1900 адамдын мамлекеттик кызматтан кеткендигине, 9 башкармалыктын, 57 бөлүмдүн жана 39 сектордун жоюлаарына байланыштуу айткандарын чечмеледи.
«Дело№» бул санында кабарчы Вадим Ночевкин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров менен маектешкен.

Анда негизинен Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорунун айланасында сөз жүргөн. Депутаттын айтымында, келээрки жылдан баштап кыймылсыз мүлктөн салык алына баштайт. Ал эми Салык кодексине болсо 7 жылдан бери 750 түзөтүү, кошумча киргизилген.

“Дело №” гезитинин билдиргенине караганда Канттагы Орусиянын аба-аскерий базасынын коопсуздугун кыргыз милициясы коргойт. Ал үчүн 16 кызматкерден турган жаңы бөлүм түзүлдү.

Каражат маселесине байланыштуу 2 жумадан бери чыкпай жаткан “Аргументы и факты – Кыргызстан” шаршембиде кайрадан жарык көрдү. Бул ирет гезит Кыргызстандын Орусияга карызы 130 млн. долларга жеткенин, эки өлкөнүн аскердик-техникалык кызматташуу комиссиясы карыздар үчүн мурдакы аскердик өнөр жай ишканаларын алууну кеңешип жаткандыгын билдирди. Мурда ЭВМ заводу – “Жанар” акционердик коому Орусиянын байланыш каражаттары федерациясынын карамагына өтсө, ал эми Ленин заводу атыккан ишкана баш болуп, аскерий багыттагы мурдакы бир катар ишканалар карыз үчүн кеткени калды. Жумалыктын жазышына караганда, Кыргызстан кубаттуу өлкөлөрдүн аскердик полигонуна айланып баратат.

Гезиттин ушул эле санында журналист Садырбек Чериковдун өлкөдөгү кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу макаласы жарыяланды. Макалада автор маалымат каражаттары таш бараңга алганы менен, премьер- министр Николай Танаев ордунда калганын айтат.

«Аргументы и факты-Кыргызстан” бул санында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен маекти басты. Спикер журналисттин суроолоруна берген жообунда “Эмки жылы революция болбостугун, өзү да чоң саясатта кала берээрин” билдирген.

Гезит ошондой эле Борбор Азиядагы Америка университетиндеги башаламандыктар, сабактарга катышпай, акчанын күчү менен диплом сатып алгандар жөнүндө да жазды.

11-февралда «Вечерний Бишкек» гезити “өлкөнүн аймактарында бөлүмдөрүн ачуу менен таасири артып бараткан “Алга, Кыргызстан” партиясы Бишкекте шаардык бөлүмүн уюштуруу менен партиялык түзүлүштүн биринчи этабын аяктады” деп жазды. Гезит мындан тышкары жайында пайдаланууга кирээри күтүлүп жаткан жаңы паспорттон «улуту» деген бөлүк алынып салынаары, парламенттеги талаш-тартыштар, баш калаада электр жарыгы өчүрүлүп жаткандыгы тууралуу кабарлады. «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбооруна байланыштуу парламентте болуп жаткан талаш-тартыштар тууралуу жазды.

Бейшембиге басууга даярдалып жаткан «Общественный рейтинг» жумалыгында кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу жооптуу катчы Наргиза Кожомкулова мындай дейт:

- Бул жолку кадрдык өзгөрүүлөр өлкөнүн саясатчыларынын рейтингине кандай таасир эткендигин иликтедик. Кадрдык алмашуулар өзүн актайбы же дагы туңгуюкка кептейби? Бул багытта саясатчылардын пикирлерине орун берип жатабыз. Кыргызстандагы мыйзамдар эмне себептен иштебей жаткандыгын адистер айтып беришет. Чуулгандуу “Кумтөр” алтын кени тууралуу да кайчы пикирлер жарыяланууда. Бириккен улуттар уюмунун адам укуктарын коргоо комитетинин өкүлү менен Нурбек Токтакунов маектешти, анда адам укуктары жөнүндө сөз болот.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG