Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫ, АЛТЫН ЧАТАГЫ, МИНА КӨМҮЛГӨН ТАЛААЛАР


Кыргыз өкмөтү канадалык “Центерра голд инк” компаниясы менен “Кумтөр” алтын кени боюнча инвестициялык келишимге кол койгон. Мамлекеттик тил мыйзамынын тегерегиндеги талаш күчөп баратат. Өзбекстан чегара бойлотуп мина көөмп койгондуктан, жаз жакындаган сайын Баткендин Өзбекстанга жакын кыштактарында жашаган элдин коопсуздугуна коркунуч күчөйт.

Парламент депутаттары өкмөттүн канадалык компания менен түзгөн инвестициялык келишими Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына кайчы келээрин айтып, өкмөттүн өткөн жылдын аягында кабыл алган токтомун ишке ашырууну токтотуу тууралуу чечим кабыл алышты. “Дурус чечим, бирок да, кечигибирээк кабыл алынды”, деп белгилейт бейшембидеги “МСН” гезити.

Депутат Ишенбай Кадырбеков ушул эле гезитте жарыяланган макаласында “Кумтөр” алтын кенинен техника-экономикалык негиздеме боюнча Кыргызстан 350 миллион доллар таза киреше алышы пландаштырылып, иш жүзүндө беш жыл ичинде республиканын казынасына болгону 63 миллион доллар киреше түшкөндүгүн белгилейт. Кадырбековдун пикиринде, өкмөт кол койгон инвестициялык келишим кыргызстандыктарды таламандын тал тушунда тоноонун бир көрүнүшү.

Депутат Кубатбек Байболов ушул эле гезитте жарыяланган маегинде мамлекеттик тил мыйзамы тууралуу сын-пикирлерин ортого салган. Анын айтымында, жаңы мыйзам Конституциянын 5-беренесине каршы келет жана коомчулукта нааразылыкты пайда кылышы мүмкүн. «Башка тилдерди басынтып мыйзам кабыл алуунун кажаты жок эле, орус тили өңгөдөн да кыргыздарга өзгөчө керек», - дейт К.Байболов.

Жаз жакындаганы Баткендин чегарага жакын айыл тургундарында кооптонуу пайда болууда. Кыргыз чегарасын бойлото койгон өзбек миналарына жыл кур эмес мал-жан кабылып, коркунуч дайыма сакталып турат. Буга байланыштуу бейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити “Мина талаалары” деген макаланы жарыялады. Жерди минадан тазалоо иштери бир башталып, аягына чыкпай токтоп калган.

Алтын темасына бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити да кайрылган. Талдыбулак-Сол жээк алтын кенин казып иштетүүгө кызыкдар австралиялык “Central Asia Gold Limited” (CAGL) компаниясы биртоп фирмаларды түзүп, баалуу кагаздарды чыгарууга ниеттенүүдө. Гезит автору Николаевдин пикиринде, минтип фирмалардын санын көбөйтүү - акча айлантуунун амалы.

«Австралиялык компаниянын капчыгы жука, ошондон улам ал 50 миллион долларлык акция чыгарып, аны сатуу аракетинде. “Кыргызалтын” акционердик коому жаңы ишке 10 миллион доллар сарптаганы турат. Ишенген австралиялык CAGL компаниясынын ири инвестиция алып келер дарманы жок», - деп маалымдайт А.Николаев.

«Электр акысын чогултуу иши 37 пайыздан ашпаган чакта бөлүштүрүүчү подстанцияларды өчүрүүдөн башка арга калган жок», деп белгилейт президенттин Энеретикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев басылмада жарыяланган макаласында. Ал «алдыдагы 6-7 жылда электр энергетикасы эң кирешелүү тармакка айланат» деген ишенимде.

Эми апта соңунда чыгуучу айрым басылмаларда жарыяланчу материалдар тууралуу кепке өтсөк. Сөз “Агым” гезитинин жооптуу катчысы Гүласыйна Каленовада:

- Жолдошбек Зарлыкбековдун “Төрдө отурчу ирилер, төрага болчу кимиңер” деген макаласында өкмөттүн маданият жана тил комиссиясынын жетекчисин дайындоонун айланасындагы талаш баяндалат. Ошондой эле гезиттин бул санында Жылдыз Мусабекованын “Талкаланган төрт тагдыр” деген макаласы жарыяланууда. Жазуучу Асанбек Стамовдун “Эл-журтун эчен жолу таң калтырган Мелис Эшимканов” деген материалы, Мелис Эшимкановдун өзүнүн саясат бети жана башка ушул сыяктуу макалалар басууга даярдалууда.

Ал эми “Кыргыз руху” гезитинин башкы редакторунун орунбасары Калил Жамгырчиев гезитте жарыяланып жаткан макала тууралуу мындайча пикирин билдирди:

- Гезитибиздин бул санында Кумтөр алтын кенинин айланасындагы чырдуу маселелерди чагылдырган депутат Ишенбай Кадырбековдун макаласы басууга даярдалууда. Чыгаан саясатчы Жыпар Жекшеевдин маеги, депутат Курманбек Бакиевдин бүгүнкү оош-кыйыш саясий абал тууралуу көз-карашы, ошондой эле Талас менен Ысыккөлдө жол салмакчы болуп, баштаганын аягына чыгара албай “Жолчубек” атыккан Тойчубек Касымовдун президенттин ишенимине кантип жол салганы жөнүндө макалалар жарыяланууда. Тележурналист В.Кулинскийге жооп басууга даярдалууда.

“Бишкек таймс” гезитинин башкы редактор орунбасары Эмилбек Момунов:

- Мамлекеттик тил тууралуу мыйзам жөнүндө макала басууга даярдалып жатат. Анда кыргыз улутундагы эле депутаттардын өз тилине карата жасаган карасанатай мамилеси жайында кеп болот. Жазуучу, профессор Аман Саспаевдин маеги жарыяланууда. Анда ал кыйла жыл бою Кытайда жашап жүрүп кыргыз тилин сагынганын эскерет. Өкмөттөгү чоң өзгөрүү, коррупциянын күч алышы жөнүндө, бажы, салык, күч органдарынын мыйзамды көп бузууларын баяндаган маалыматтарга орун берилүүдө.
XS
SM
MD
LG