Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Вице премьер-министрлер кайрадан жолугушат


БИШКЕК. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын вице премьер-министрлери март айында Чымкентте кайрадан жолугушуп, 11-февралда Бишкекте кол коюлган протоколдун аткарылышын талкуулайт. Бул тууралуу вице премьер-министр Базарбай Мамбетов жума күнү билдирди. Бул ирет кыргыз делегациясы быйыл коңшу мамлекеттердин Кыргызстандан электр энергия сатып алуу маселесин козгойт. «Эгерде биздин сунуштар кабыл алынбаса, анда биз бир жактуу кадамдарга барууга аргасыз болобуз» дейт Базарбай Мамбетов. 11-февралдагы жолугушууда төрт мамлекет Шардарыя суу сактагычын сактап калуу үчүн суунун агымын азайтууга макулдашкан.

XS
SM
MD
LG