Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:52

НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫ КАНДАЙ ӨТҮҮГӨ ТИЙИШ?


Ар кандай нааразылык акцияларында атуулдардын аракеттерин кантип жөнгө салуу керек? Бул маселе бүгүн Бишкекте өткөн “тегерек үстөлдө” талкууланды. “Тегерек үстөлдү” «Эларалык толеранттуулук үчүн» бейөкмөт уюму уюштуруп, ага Швейцариянын тышкы иштер министрлиги колдоо көрсөттү.

«Эларалык толеранттуулук үчүн» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен уюшулган “тегерек үстөл” буга чейин төрт күн катары менен Ысыккөлдө өткөн семинарда талкууланган маселелерди жыйынтыктады. Семинарда бейөкмөт уюмдар менен тартип коргоо органдарынын кызматкерлери атуулдардын нааразылык акцияларын жөнгө салуунун жол-жоболорун талкуулашкан. Анда мисал катары акыркы үч жыл аралыгындагы депутат Азимбек Бекназаровдун камалышына, Аксы окуясына, Үзөңгү-Куушка, Феликс Куловго байланышкан акциялар мисал катары пайдаланылган.

“Тегерек үстөлдө” «Эларалык толеранттуулук» уюмунун башчысы Рая Кадырова, «Демократия жана атуулдук коом» коалициясынын башчысы Эдил Байсалов өңдүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, бир катар тартип коргоо, коопсуздук органдарынын кызматкерлери коомчулуктагы пикир келишпестикти жөнгө салууда семинар олуттуу тыянак бергенин белгилешти. Бирок, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдрасулованын оюна караганда, семинар өз максатына жеткен жок. Анткени, семинарда эл менен бийлик ортосундагы пикир келишпестиктердин себептерин аныктоого караганда бири-бирин айыптоо басымдуулук кылды.

Ал эми «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин айтымында, бейөкмөт уюмдар менен тартип коргоо органдары нааразылык акцияларына байланышкан проблемаларды биргелешип чечет деген түшүнүк туура эмес. Анткени, тартип коргоо, коопсуздук кызматтары акцияларга катышпайт. Ушундай өңүттү эске алган саясатчы маселе туура эмес өңүттө коюлуп калганын белгиледи:

- Тартип коргоо органдары менен атуулдук коом ортосунда чыр-чатак жок. Чыр-чатак эл менен бийликтин ортосунда болуп жатат. Бул - чечилиши керек. Бирок, бул проблема милиция менен улуттук коопсуздук кызматынын эсебинен чечилбеш керек.

Коммунисттердин лидерлердин бири Клара Ажыбекованын айтымында, нааразылык акцияларын жөнгө салуунун механизми иштелип чыга элек. Тескерисинче, өзү катышкан көп сандагы акциялардын ичинен айрыкча акыркы үч жыл ичинде өткөн акцияларга байланыштуу бийлик өтө катаал чараларды көрүп жатат:

- Бул жерде кандайдыр бир укуктар жөнүндө кеп кылуу мүмкүн да эмес. Бирок, ушул жагдай адатка айланган шартта эч кандай саясий бийлик атуулдук баш ийбөө актысын токтото албай калат.

“Тегерек үстөлдүн” айрым катышуучуларынын пикирлерине караганда элдин бийликке ишенбестиги, бийликтин элдин каалоосуна көңүл бурбастыгы негизги проблема. “Азимбек Бекназаровду коргоо” коомдук комитетинин башчысы Жаныш Курбанов “тегерек үстөлдө” Аксы окуясында атылган беш адам үчүн айыптуулардын аты алигиче атала электигин айтып, бул өңдүү маселелер чечилерине ишенбестигин билдирди:

- Ушул жерде “тегерек үстөлдүн” катышуучулары көп нерсени айтып атабыз. Биздин айткан сөзүбүз эч кандай сай бойлобойт, кумга сиңип жок болот. Себеби, биллиарддын үстүндөгү тоголок таштай эле ары-бери тоголонуп атабыз.

Президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Мурат Суталинов болсо көтөрүлгөн маселени колдоду. Анын оюна караганда, нааразылык акцияларын массалык тартипсиздикке чейин жеткирбеш үчүн кызматташтык зарыл. Ошондой эле ал бийликтин саясатын жана ал таянган мыйзамдарды өзгөртүүнү каалаган тарап укуктардын сакталышын камсыздоо үчүн өзү мыйзамдын сакталышына кызыкдар болушу керек экендигин белгиледи:

- Акциялар бийликке ачык-айкын болушу керек. Бул маанилүү. Биздин бейөкмөт уюмдар же башка нааразы тарап тартип коргоочуларга алдын ала эскертсе, айтылып жаткан акциялар, балким, алда канча тынчыраак өтмөк.

Бейөкмөт уюмдар менен тартип коргоо кызматкерлеринин бир үстөлгө чогулушун Швейцариянын Өзбекстандагы элчисинин кеңешчиси Дитер фон Бларер жогору баалады. Талкуу майнапсыз болду деген көз караштарды ал колдогон жок:

- Биз мындан ашык тыянак күткөн эмеспиз. Биз үчүн тараптарды бир үстөлгө отургузуу маанилүү болчу. Алар бири-бирине ишенүүнүн биринчи кадамын жасашты. Демек, биз максатыбызга жеттик.

Дитер фон Бларердин айтымында, Швейцария нааразылык акцияларындагы баш ийбөө актыларын жөнгө салууда бейөкмөт уюмдар менен тартип коргоо кызматкерлеринин биргелешип аракеттенүүсүнө арналган талкууларды колдоону дагы улантат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG