Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Кофи Аннан Кипрдин биригишине ишенет


БИРИККЕН УЛУТТУР УЮМУ. Кечээ Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Кипрди бириктирүүгө түрткү бере турган жагдай түзүлдү деп билдирди: – Эгер тараптар мындан аркы 3 айда да ушул 3 күндөгүдөй кайраттуулукту жана акниеттүүлүктү көрсөтүшсө, менин оюмча, 1-майга чейин Кипрдин бир мамлекет болушуна реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар.
Үч күндөн бери Улуттар уюмунун Нбю-Йорктогу баш кеңсесинде мындан 30 жыл мурда экиге бөлүнүп кеткен Кипрди бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кипрдин грек бөлүгү быйыл 1-майда Европа биримдигине кошулууга тийиш. Эл аралык коомчулук Кипрдин грек жана түркиялык бөлүктөрүн бириктирип, бүтүн өлкө катары Евробиримдикке кошууга аракет жасашууда. Кофи Аннандын айтымында, тараптар соңку аптада сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга макул болушту.

XS
SM
MD
LG