Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Ооганстандын ар башка аймактарында бүгүн 7 аскер набыт болду


Ооганстандын батыш тарабын миналардан тазалап жүргөн төрт жергиликтүү адис согушкерлердин огунан жантаслим болушту. Ушул эле күнү Хост провинциясындагы аскердик кайгуул жайынын жанындагы жардыруудан дагы эки ооган аскери өлүп, алтоо жарадар болушту. Ал эми Газни шаарынын жанында минага жарылып, бир АКШ аскери набыт болуп, тогуз адам жараат алышты. Франция Кабулда Ооганстандын улуттук армиясына кадрларды даярдай турган аскердик колледж ачты. Жаңы окуу жайы келерки аптадан тартып 60тай офицерди төрт айлык машыгуудан өткөрөт. 2001-жылдын аягында Ооганстанда талибдердин бийлиги кулатылгандан бери улуттук армиянын алдындагы даярдоо курстарына 10 миңдей жоокер тартылган, бирок алардын көбү акча аз төлөнгөндүктөн жана оор жашоо шарттарынан улам аскердик кызматтан баш тартышкан. Өкмөттүн планы боюнча, ооган армиясы 70 миңдей аскерден куралышы керек.

XS
SM
MD
LG