Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

ИММИГРАЦИЯЛЫК ФОНДДУН КЕЛГИН КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН КӨРГӨН КАМКОРДУГУ


Мирзохалим Каримов, Бишкек Кыргыз Республикасынын президентинин "Тарыхый мекенине кайтып келип жаткан кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жардыгынын негизинде Тышкы иштер министрлигинде иммиграциялык фонд түзүлүп, 2002-жылдан бери иштеп жатат. Анын ишмердүүлүгү тууралуу фонддун директору Мелисбек Байсымаков менен кабарчыбыз Мирзохалим Каримов аңгемелешкен.

- Мелисбек мырза, иммиграциялык фонд түзүлгөндөн бери кандай иштер аткарылды?

- 2001-жылы президенттин чет жактан көчүп келүүчү кыргыздарга колдоо көрсөтүү жардыгы жарыялангандан кийин иммиграциялык фонд 2002-жылы өкмөттүн токтомунун негизинде түзүлгөн. Кор түзүлгөндөн кийин биз көп иштерди аткарып жатабыз. Маселен, Кыргызстанда азыр кайрымдуулук кыла турган көптөгөн эл аралык уюмдар иштейт. Ошолор менен тыгыз байланыш түзүп, иш жүргүзүп келатабыз. Араб өлкөлөрүнүн ичинен Кувейт мамлекетинин эл аралык кайрымдуулук кору бар. Кыргыз-Кувейт университетин каржылаган бул кор азыр ошондой эле Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн көчүп келаткан кыргыздарга да чоң жардам көрсөтүүдө. Ошол фонддун жардамы менен Чүй аймагына көчүп келген 17 үй-бүлөгө турак үй сатып алып бердик.

- Ал үйлөр ошол кыргыздардын менчик үйү болуп калдыбы же фонддун эсебине өткөрүлдүбү?


- Бул үйлөр алардын менчик үйү болуп калды. Мындан тышкары, эл аралык кайрымдуулук фонддору аз камсыз болгон, жетим жесири бар үй-бүлөлөргө 58 саан уй сатып беришти. Корея менен Америкадагы кайрымдуулук уюмдар болсо, азык-түлүк, кийим-кече жагынан көмөктөшүүдө.

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери да бул ишти жандандырууга өз салымдарын кошуп жатышат. Мисал үчүн, Германиядагы элчилигибиз ал жактан кийим-кечелерди жөнөттүрүүдө. Биз аларды Талас жана Чүй облустарынын айрым райондоруна көчүп келип отурукташкан кыргыздарга тараттык. Ивановка айылына отурукташкандар таза суу менен камсыз болушу үчүн 8 жерге суу түтүгүн орнотуп бердик. Ошентип, 2003-жылдын аягына чейин көрсөтүлгөн жардамдардын көлөмү акчалай эсептегенде 1 миллион сомго жетип калды. Кыскасы, биз бул ишти мындан ары да улантып, дагы көптөгөн эл аралык кайрымдуулук уюмдары менен тыгыз байланыш түзөлү деген ойдобуз.

- Кыргызстанга качкын болуп келип, БУУнун качкындар боюнча башкы башкармалыгынын каражаты менен репартацияланган адам кайра Кыргызстанга келсе ал фонд тарабынан кандайдыр бир жардам ала алабы?

- Фонддун негизги милдети - 2000-жылдан бери көчүп келаткан кыргыздарга жардам көрсөтүү. Кыргызстанда азыр негизинен Өзбекстан менен Тажикстандан көчүп келген кыргыздар жашашат. Быйыл жайында Түркиядан жүзгө жакын мүчөсү бар 12 үй-бүлө көчүп келебиз деп жатышат. Ооганстандагы кыргыздардын деле көптөгөн муктаждыктары бар. Кыскасы,иммиграциялык фонд качкын болуп келгендерге жардам берүү үчүн түзүлгөн эмес. Алар өз убагында БУУнун качкындар боюнча Жогорку Башкармалыгынан жардам алышкан. Качкындардын бир тобу ошондой жардам алып Тажикстанга кетишкен. Бирок кийин кайра Кыргызстанга келишип, биздин фондго көмөк сурап кайрылууну көздөшөт экен. Биз андай кишилерге жардам бере албайбыз. Буга жол бербес үчүн бизге кайрылгандардын ар биринин документтерин текшере баштадык. Тигил же бул адамдын Кыргызстанга качан келгенин жана Тажикстанга кайсыл учурда репатриацияланганын тактагандан кийин гана чечим чыгарууну туура көрдүк.

- Рахмат, маегиңизге!

XS
SM
MD
LG