Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

МЫЙЗАМСЫЗ ДЕП ТАБЫЛГАН ДИНИЙ ПАРТИЯ ТЫМЫЗЫН ҮГҮТ ЧАРАЛАРЫН УЛАНТУУДА


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Тартип сакчыларынын маалыматы боюнча, Борбор Азияда Ислам халифатын курууну эңсеген «Хизб-ут-Тахрир» жашыруун саясий партиясынын катарына кошулгандар жылдан жылга көбөйүүдө. Адистердин айтымында, буга коом ичинде күчөгөн социалдык проблемалардын чечилбей жатканы өбөлгө түзүүдө.

Жалалабад облусунун аймагында Борбор Азияда Ислам халифатын курууга чакырган баракчалар бир-эки жыл мурдагыга караганда азыр сейрегирээк болуп калды. Аларды мурун көрүнөө жайлардагы дубалдарга көп чапташчу. Улуттук коопсуздук жана тартип коргоо адистеринин баамында, экстремисттик уюм деп таанылган «Хизб-ут Тахрир» саясий партиясынын мүчөлөрү азыр өспүрүм балдар жана студент жаштар менен ачык эмес, тымызын иштөөгө өттү. Алардын уюмга кирүүсүнө социалдык проблемалардын чечилбей жаткандыгы, жумушсуздук, айлыктын аздыгы түрткү болууда. Муну Жалалабад шаарынын тургуну Абдымомун Мамараимовдун ою айгинелейт:

- Жаштарга иш табылбайт. Иш табылса, айлыгы аз. Чиновниктер аларды укпайт. Ошондуктан, "Хизбутчулар" элдин башын айландырып жатышат.

Ал эми көз каранды эмес байкоочу Бакыт Солпиевдин ою боюнча, «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун таасиринин азайышына АКШ башында турган коалициялык күчтөрдүн Ооганстандагы аракеттери менен Иракка согуш ачуусу таасир берген жок:

- АКШ Ооганстан менен Иракка согуш ачкандан кийин бул жашыруун партиянын таасири байкалбай калды дегенге негиз жок. Алар азыр базар шартына ыңгайлаша албай бекер жүргөн жана базарда соодасы жүрбөй калган атуулдарды азгырып жатышат. Андан тышкары балдар менен жаштарды, бош адамдарды тартып жатышат. Хизбутчулардын иш-аракети азайганына ишенбейм. Алардын таасиринен коомду сактап калуу үчүн маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү абзел.

Облустун ички иштер башкармасынын коомдук уюмдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Исабек Мырзажанов болсо диний уюмдун таасирин катуу тартип, соттоо, түрмөгө камоо менен азайтуу мүмкүн эмес деген ойдо. Ички иштер адистери былтыр Кыргызстандын Конституциясына каршы чакырып,тескерисинче, халифат курууга үндөгөн баракчаларын таркатып, китептерин окуп, башкаларды үндөгөн 44 адамды кармаган. Анын 24ү соттолуп, 16сына административдик жаза берилген. Быйыл ушундай шек менен алты киши кармалды:

- Жыл башынан бери 6 кылмыш иши аныкталды. Сузак районунан эки кишиге, Аксынын Кызылжар айлынан колго түшкөн бир кишиге кылмыш иши ачылды. Сот, камак менен маселени чечүү кыйын. Түшүндүрүү керек, - дейт Исабек Мырзажанов.

Ал биздин «Партия мүчөлөрү Кыргызстандын саясатына каршы эмеспиз деп айтып жатышпайбы?» деген сурообузга:

- Каршы болбосо жаңы жыл, курман айт майрамдарынын учурунда «Бул каапырлардын майрамы. Аны майрамдабагыла, ислам мыйзамы менен жашагыла» деген баракчаларды таркатышат беле? - деген жооп узатты.

Исабек Мырзажановдун билдирүүсү боюнча, уюмга киргендер жылдан-жылга көбөйүп, азыр саны 900го жетти:

- Азайды дегенге ишеним жок. 2001-жылы 700 болсо, 2003-жылы 900го жетти. "Хизб-ут-Тахрир" партиясына иштебеген, жакыр адамдар жаштар өтүп жатат.
XS
SM
MD
LG