Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Кошмо Штаттарында Жон Керрини дагы эки штаттын демократтары президенттикке көрсөтүштү


Массачусетс штатынан шайланган сенатор Керри кечээ Демпартиянын Невада штатында жана башкалаа Вашингтондо өткөн биринчи баскычтагы шайлоосунда эң көп добуштарга ээ болду. Висконсинде кечээ делегаттарга ал мындай сөздөр менен кайрылды:
- Буш администрациясынын буга чейин жүргүзгөн ишин, Вашингтондун келечекти көрө билбегенин эске алганда, республикачылардын чабуул машинасында каралоо, коркутуудан башка амалы калбай калды. Бирок алар чындыктан жүзүн буруп кете алышпайт. Биз өзүбүз аздектеген, Америка тууралуу кыял - тилектерибизге негизделген өлкөнү курабыз.
Ноябрь айындагы президенттик шайлоодо азыркы, республикачы президент Жорж Буш менен таймашка чыгыш үчүн Жонн Керри эми дагы эки штаттын колдоосуна ээ болушу керек.

XS
SM
MD
LG