Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

АКЫЙКАТЧЫ ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВГЕ КАТ ЖОЛДОДУ


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу президент Аскар Акаевге кат жолдоду. Акыйкатчынын айтымында, бир жыл ичинде ага 14 миңден ашуун адам арыз менен кайрылган. Кыргызстандагы жаза өтөө жайларындагы, акыл-эс дартына чалдыккандарды дарылоо мекемелериндеги абал оор бойдон калууда. Акыйкатчы президент А.Акаевге сот системасын, тартип сактоо органдарын реформалоо, коомдук кырдаалды жакшыртуу боюнча биртоп ойлорун сунуштаган.

Акыйкатчынын президентке жолдогон катында сотторго карата элдин ишеними жоголуп баратканы белгиленет. Аларды кызматка бекитүүдө жергиликтүү бийлик, акыйкатчы, башкы прокурордун пикирин эске алуу, антчылдар соту кызматын ачуу, мурда соттолбогондорго жана жеңил кылмыш жасагандарга эркинен ажыратпаган жумшак жаза чектөө сунушун билдирген.

Акыйкатчынын айтымында, өлүм жазасына кесилгендердин абалы дагыле оор бойдон калууда. Ушу тапта Ысыката районунда курулуп жаткан түрмөнү тезирээк бүтүрүп, аларды бир жерге топтоо керектигин айтат. Маселе бир жаңсыл чечилгенге чейин өлүм жазасына өкүм чыгарууну токтотуп, анын ордуна өмүр бою түрмөдө камоо туура болордугун белгилейт.

Бийлик менен оппозицияны, нааразы болгон элди ымалага чакыруу амалында, анын үстүнө Аксыда набыт болгондорду эскерип туруу үчүн жыл сайын бийлик менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосунда 9-марттан 15-мартка чейин спорттук мелдештерди уюштуруу, жыйынтык оюнду Аксыда өткөрүү сунушун ачыкка чыгарган.

Акыйкатчынын президентке жолдогон катында кыйла орун Ички иштер министрлигин реформалоо маселелерине арналган. Ал үчүн ички иштер кызматкерлерин коомчулуктун катышуусу менен аттестациядан өткөрүү, адам укугун кордоп, кармалгандарды кыйнап, уруп-соккон кызматкерлерге кылмыш ишин козгоону, тартип коргоо кызматкерлеринин укуктук билим деңгээлин көтөрүү, адам укугун коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү сунушу айтылган.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун ички иштер министрлигин реформалоо боюнча улуттук кызматкери Шамшыбек Мамыров министрликтин офицердик жана катардагы курамын аттестациядан өткөрүшү натыйжа алып келбейт деген пикирде:

- Ички иштер органдарын реформалоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Азыр иш ошонун алкагында гана жүргүзүлүүдө. Менин жеке оюм - кеп аттестацияда эмес. Ички иштер министрлигинин иштөө боюнча жобосуна атаандаштыктын негизинде кызматка алуу керек деген жобону киргизүү туура болор эле. Кезектеги аттестация деле эч нерсе бербейт деп ойлойм.

Акыйкатчынын пресс-катчысы Мыктыбек Арстанбектин айтымында, бул сунуштардын баары жаза өтөө жайларындагы, тартип коргоо органдарындагы абал менен көзмө-көз таанышып чыккандан кийин, миңдеген атуулдардын арыздарынын негизинде дардалган:

- Негизги түрткү, албетте, абактагылардын жана ошондой эле жаза өтөө жайларындагы абал болду. Акыйкатчы жыл башынан бери текшерип, жагдай менен таанышуусунун жыйынтыгында мына ушул демилгелер чыкты. Ал жерде отургандардын дээрлик баары менен акыйкатчы кездешип, арыздарын угуп, териштирүүнү талап кылгандарынын арыздары кабыл алынып, анан ошонун баары жыйынтыкталган. Тартип коргоо органдарын реформаламайынча, акыйкатчы жолдогон сунуштарды кабыл алмайынча, аларды ишке ашырууга аракет кылмайынча адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо жаатында иштин жүрүшү анча натыйжалуу боло бербейт го деп ойлойм.

Сот системасын реформалоо, жаза өтөө жайларындагы абалды жакшыртуу жайындагы кеп-сөздүн чыкканына деле кыйла болду. Оголе көп материалдык чыгымды, анан да кылмыш-жаза мыйзамдарын ыраатка келтирип, аларды жумшартууну талап кылган бул жумуш азырынча оозеки айтылып, турмушка аша элек.

XS
SM
MD
LG