Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

ДЕПУТАТТАР ӨКМӨТТҮ АЙЫПТАШУУДА


Сапар Орозбаков, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйынынын дүйшөмбү күнкү отурумунда айрым депутаттар Казакстандын Шардарыя суу сактагычын сактап калуу үчүн өкмөт Токтогул суу саксатыгычынан койо берилген сууну азайтуу тууралуу келишимге кол коюп, өлкөгө берилип жаткан электр энергиясын чектеп, элди кыйнап жатат деп өкмөттү айыпташкан. Алар бул маселени палатанын кароосуна коюу зарыл экендигин айтышкан. Шейшемби күнү палатанын отун-энергетика комитетинде бул маселе кенен-кесир талкууланды.

Шейшемби күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-энергетика комитетине келишимге кол койгон Базарбай Мамбетов жана башка жооптуу адамдар чакырылып, алар депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Базарбай Мамбетов Кыргызстандан чыгып жаткан сууну чектөө тууралуу келишим Шардарыя суу сактагычынын жарылып кетүү корунучунан улам Казакстандын суроосу боюнча түзүлгөнүн айтып, аны аргасыз түзүлгөн келишим катары мүнөздөдү:

- Эгер билгиңер келсе, картада регионалдык масштабдагы катастрофа маселеси турган болчу, –деди Базарбай Мамбетов өзүнүн келишимге кол коюшунун себеп-жөнүн түшүндүрүп.
Анын айтымында, Шардарыядан ары Кызылордого чейин дарыя жээгине дамбалар курулуп, ал жерде 700 кубометрден ашык суу ташып кете албайт. 4-январдагы Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда Өзбекстан Сырдарыя аркылуу өтүп жаткан суунун бир бөлүгүн өздөрүнө кабыл алуу тууралуу милдеттенме алган. Бирок ал милдеттенмесин аткарган эмес. Кыргызстан өзүнөн чыгып жаткан сууну 500 кубометрге чейин азайтуу тууралуу сөз берген. Кыргызстан азырынча өзүнүн сөзүнө туруп жатат.

Базарбай Мамбетов электр энергиянын жалпы өчүрүлүп жатышы бул келишимге байланыштуу деген айыпты таптакыр четке какты:

-Бул тууралуу өкмөттөн эч кандай көрсөтмө берилген эмес, –деди Базарбай Мамбетов. Анын айтымында, Токтогул гидроэлектрстанциясында электр энергия чыгаруу азайганы менен Казакстан берип жаткан мазут менен көмүрдүн аркасында жылуулук борборлорунда электр энергия өндүрүү 2 эсе көбөйтүлүп, өлкөгө берилип жаткан электр энергиясынын жалпы көлөмү төмөндөгөн жок.

-Электр энергия мурда кандай берилип жатса, азыр деле ошондой эле берилип жатат,- деди Базарбай Мамбетов. Бирок мындай жооп депутаттарды ынандырган жок:

-Жалган айтуунун да чеги болот. Биздин колубузда C.Дордоевдин кагазы турат. Н.Танаевдин буйругу турат. Казактар дамба куруп алышса, өзбектер сууну кабыл албайм дешсе, ал жерде биздин кандай тиешебиз бар. Кое бергиле сууну. Каптап кетсе каптап кетсин! Эмнеден коркосуңар! Назарбаев менен Каримов кудайдын берген суусу деп айтышпадыбы. Кудай берген сууну кое бериш керек, – деди депутат Алишер Абдымомунов.

Айрым депутаттар Казакстандын суроосуна макул болгон күндө да Кыргызстан тарткан зыянды толугу менен өндүрүп алыш керек эле деген ойду айтышты:

-Тигилердин абалы кыйын болгондо бизге электр энергияны азыраак иштеп чыккыла дешет экен. Андай болсо биздин чыгымдарды төлөп бериши керек да. Биз азыр компенсация алып жатабызбы же жокпу муну биле албай койдук,- дейт депутат Ташболот Балтабаев.

Базарбай Мамбетовдун айтымында, казактар 35 миң тонна мазут жана 85 миң тонна көмүр берүүгө макул болгон. Бирок ал бекер эмес, кийинки электр энергиянын эсебинен берилет.

- Биз аны катуу айттык. Суу көп болсо да, аз болсо да, дайыма силер бизден жайында 2 млрд кВсаат электр энергия сатып алышыңар керек деп айттык, - деди Базарбай Мамбетов.

Депутаттарды анын жообу канааттандырган жок. Анткени бул тууралуу эч кандай келишим түзүлгөн эмес.

-Эшек ылайдан өтүп кетти болсо эмне кылабыз. Кийин бизде андай мүмкүнчүлүк болбойт да, – деди аталган комитеттин төрагасы Тайырбек Сарпашев. Мыйзам чыгаруу жыйыны бул маселени жума күнү кароого камданып жатат.

XS
SM
MD
LG